super.kg logo
  Саясат  

ЖЭБ чыры. Парламентте экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу сунушталды

 

10-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы талкууланды.

Анын жүрүшүндө комиссия мүчөсү, депутат Исхак Масалиев ("Өнүгүү-Прогресс") борбордук трибунага чыгып, ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайлар адилеттүү иликтениши үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратууну сунуштады.

"Бизден "бирөөнү камасын" деген чечим кабыл алынбашы керек. Комиссия өз милдетибизди аткардык. Бишкек ЖЭБинде авария болгону түшүнүктүү. Ага ошол жерде иштеген кызматкерлер күнөөлүү. Жаңы курулган агрегаттар жылуулукка жакшы пайда бербегени билинди. Эски агрегаттар өзүнчө, жаңысы өзүнчө объект болуп калган. Карыз алууда маселе жок", - деп сөзүн баштады Масалиев.

"Мындай чоң көлөмдөгү каражатты алууга президенттин гана эрки жетет. Ал ошол учурдагы каржы министрине карыз алуу боюнча сунуштама берген. Бул ыйгарым укукту ашыкча пайдаланганынан кабар берет. Бул жерде мыйзам бузулуп жатат. Бул келишимди түзүүдө Жогорку Кеңештин да салымы аз эмес. Мындай кадамдарды Башкы прокуратура карап чыгышы керек", - деди Масалиев.

Андан соң ал иш адилеттүү иликтениши үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу керектигин айтты.

"Ошол учурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев парламентте "бул келишим ишке ашса, ЖЭБдин кубаттуулугу 300 мегаваттка көбөйүп, 50 жыл жылуулуксуз калбайбыз" деп мактанган. 300 мегаваттка көбөйгөнү туура, бирок 50 жыл дегени ашыкча да", - деди Масалиев.

Айта кетсек, буга чейин экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратуу керекпи деген суроонун негизинде SUPER.KG порталы коомдук жана саясий ишмерлерге собол салган.


кошулду





Парламентте экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу сунушталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 18 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: