Исхак Масалиевдин Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу сунушуна КСДП жооп кайтарды
"Мыйзамдын артка иштөө күчү жок болгондуктан Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу мүмкүн эмес", - деп SUPER.KG порталына КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
"Депутаттын көтөргөн сунушу - бул абсурд (былжырак кеп). Биз жакынкы күндөрү бул боюнча кененирээк жооп таркатабыз", - деди ал.
Айта кетсек, 10-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы талкууланып жаткан. Анын жүрүшүндө "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайлар адилеттүү иликтениши үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратууну сунуштаган.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
6

