Шилекей агызган шишкебек! Бишкекте эң даамдуу шишкебек жасаган ашпозчулар сырларын бөлүшөт (сурамжылоонун жыйынтыгы)
SUPER.KG порталы бир апта бою "Бишкекте эң даамдуу шишкебек кайсы жерде жасалат?" деген сурамжылоо жүргүздү. Анын жыйынтыгында 3 жай алдыга суурулуп чыкты. Алар:
1. "Фаиза"
2. "Жасмин"
3. "Деревяшка"
Окурмандар "эң даамдуу шишкебек жасалат" деп тандап алган жайларга барып, шишкебектин кандай жасаларын билүүгө аракет кылдык.
Сурамжылоодо 1-орунду алган "Фаиза" кафесинин ашпозчусу Айбек Ибраимовдун айтуусунда, шишкебек жасоодо эң башкысы этке көңүл буруу керек.
"Биз шишкебек жасоодо эң негизги көңүлдү этке бурабыз. Шишкебек койдун этинен жасалат, ал койлорду атайын багабыз. Койлор табигый жол менен гана семирет, эч кандай дары же кошумча каражаттар берилбейт. Жаңы союлган жаш малдын этинен жасалган шишкебек жумшак жана ширелүү болот. Ошол себептен да биздин шишкебектерди тамшанып жегендер көп болсо керек. Ал эми шишкебекти маринаддоодо ар бир ашпозчунун эч кимге айтпай турган өзүнчө сыры бар. Эң негизгиси айнек, сыр же чопо идишке маринаддоо керек. Ошондой эле жакшы маанай, сүйүү менен бышыруу абзел", - дейт Ибраимов.
кошулду









1 |