super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте жетим балдар үчүн курулуучу социалдык мейманкананын пайдубалына капсула салуу аземи болду

 
Жетим балдар үчүн курулуучу социалдык үйдүн пайдубалына капсула салуу аземи
Социалдык үйдүн пайдубалына капсула салуу иш-чарасы
Иш-чарага мэр Иса Өмүркулов катышты
Социалдык үйдүн пайдубалына капсула салуу иш-чарасы
Курулуш иштерине мэр Иса Өмүркулов кол тийгизди
Иш-чаранын жүрүшү
Иш-чарага Италиянын ардактуу консулу Джорджио Фиаккони, “Ротари клуб” колдоо бирикмесинин президенти Назира Бейшеналиева катышты
Социалдык үйдүн курулушу

Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык мэриясынын Кароосуз балдарды реабилитациялоо борборунун базасындагы жетим балдар үчүн курулуучу социалдык мейманкананын пайдубалына капсула салуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, татаал жашоого кабылгандар үчүн атайын курулуп жаткан мындай мейманкана Кыргызстанда алгачкы ирет түптөлүүдө. Аталган иш-чарага мэр Иса Өмүркулов, Италиянын ардактуу консулу Жорджио Фиаккони, “Ротари клуб” колдоо бирикмесинин президенти Назира Бейшеналиева жана башкалар катышты. Өз сөзүндө шаар бышчы келекчекте курулуп жаткан социалдык үй кароосуз калган жаш улан-кыздарга убактылуу болсо да жардам берерин айтты. Ошондой эле ал аталган ишке каржылык колдоо көрсөткөн Норвегия өкмөтүнө жана “Ротари клуб” бирикмесине ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Жорджио Фиаккони аталган долбоорду ишке ашыруу кызматташтыктын башталышы гана экенин белгиледи. Кошумчалай кетсек, курулуп жаткан 2 кабат социалдык мейманкана 26 бөлмөдөн турмакчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: