super.kg logo
  Саясат  

Кадамжай районунун эли өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө кайрылуу жасашты

 

Өзбекстандын Мамлекеттик чек араны коргоо кызматынын 21-июндагы Кадамжай районунун Сарыбай айылындагы окуя боюнча билдирүүсү Баткен облусунун чек ара аймактарындагы коопсуздукту камсыз кылуу аракетин жокко чыгарууда. Бул тууралуу Кадамжай районунун тургундары өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматына кайрылуу менен билдиришкен. "Өзбек чек ара кызматынын 21-июндагы билдирүүсүн өзбек тарап өз кызыкчылыгын көздөп, чек арадагы окуяны таптакыр тескери өңүттө кылып, коомчулукка туура эмес маалымат берүү аракети катары баалайбыз. Буга байланыштуу азыркы учурда чек арадагы айылдарда кырдаал курчуп кете турган болсо, бардык күнөөнү өзбек чек арачыларына коёбуз",- деп билдиришкен Кадамжай районунун тургундары өз кайрылуусунда. Кошумчалай кетсек чек ара аймактарында кырдаал кооптуу болгондугуна байланыштуу Баткен облусунун аймагындагы Өзбекстан менен чектеш тилкедеги “Чечме” жана “ Кадамжай” өткөрүү пункттары жабылды. Кырдаал жөнгө салынганча өтмө бекеттер жабык турмакчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: