super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт: Премьер-министрдин А.Батукаевдин бошотулушуна тийиштүүлүгү тууралуу акыйкатчынын билдирүүсү негизсиз

 
Кечээ, 21-июнда акыйкатчы Турсунбек Акун маалымат жыйын өткөрүп, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин камактан бошотулушуна тиешеси бар экендигин билдирген. Жооп катары өкмөттүн басма сөз кызматы “аталган билдирүү чындыкка жатпайт, бардык айыптоолор негизсиз, фактылар менен далилденген эмес” деп расмий түрдө билдирди. “Буга байланыштуу акыйкатчынын ачык кечирим суроосун же документалдуу түрдө өз сөзүн тастыктоосун талап кылабыз. Ал эми каршы чыккан учурда премьер-министр өз конституциялык укугунан колдонуп, Т.Акунду сотко берүү менен өз ишкерлик аброюн жана таза атын коргойт”,- деп жазылат расмий билдирүүдө. Эске салсак, премьер-министр Ж.Сатыбалдиевдин тапшырмасы менен А.Батукаевдин бошотулуш фактысы боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев башында турган иштиктүү топ түзүлгөн. Учурда комиссия өз ишин жыйынтыктоодо жана жакынкы арада анын жыйынтыгы жарыяланмакчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: