Нарында “Кыргыз шырдагы” фестивалы башталды
Бүгүн, 22-июнда Нарын облусунда улуттук буюм-тайымдарды
жасаган уста, уз, кооперативдер, кичи ишканалар, өнөрканалар катышкан “Кыргыз
шырдагы” фестивалы башталды. 3 жыл катары менен өткөрүлүп келаткан фестивалда
кол эмгегинен жаралган табылгалар көрсөтүлүп, аларды жасоо боюнча
мастер-класстар уюштурулат. Каалоочулар фестивалга катышып, шырдак, кийиз
жасаганды, чий, ат токуганды, сайма сайганды үйрөнүп, улуттук салт-санааларга
күбө боло алышат. Иш-чара бүгүн жана эртең Нарын районундагы “Салкын-Төр” мамлекеттик улуттук жаратылыш сейил
багында өтөт.
Автор: Ширин Турдакунова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.