super.kg logo

"Супер хитке" Назминин "Ойлойсуңбу" чыгармасы кошулду. "Менин курагымдагы өнөктөштү табууга көп убакыт кетти" дейт ырчы

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул ирет сынактан четтетилген чыгарманын ордуна Назминин "Ойлойсуңбу" композиясы кошулду. Ырчы клипти тартуу көп убакытка созулганын айтты.

"Клипти тартуу иши 4 айга созулду. Анткени клиптин сценарийи боюнча мен эки башка имидж менен тартылышым керек болчу. Анан дагы менин жашыма туура келген өнөктөш табууга көп убакыт кетти. Негедир бул жолку клибиме өзгөчөлүк киргизип жаңы жүздөрдү кошкум келди. Эң башкысы максатыбызга жеттик", - дейт ал.

9-МАЙДАН 16-МАЙГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орунда - Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Мени унут" чыгармасы жайгашкан.

8-орун - Самат Эркинбековдун "Той, той" чыгармасына буюрган.

7-орунду - Сайкал Садыбакасованын "Кыялымда жашайсың" чыгармасы камсыздаган.

6-орун - Эдил Маматов менен Нурмат Садыровдун "Ыйлаба, жүрөк" чыгармасына буюрган.

5-орунду - Урмат Усенов менен Нелянын аткаруусундагы "Бактылуу болуп жашайлы" чыгармасы ээлеген.

4-орунда - Ильяс Кудретовдун аткаруусундагы "Өмүр, ай" чыгармасы жайгашкан.

3-орун - Чолпон Талипбектин аткаруусундагы "Ищу тебя" клиби алдыңкы үчтүктөн орун алган.

2-орунду - Мурунку аптада тизмеге жаңы кошулган Анжеликанын "Жаным сага баратам" чыгармасы камсыздаган.

1-орун - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" композициясы көрүүчүлдөрдүн эң көп добушуна ээ болуп, апта жеңүүчүсү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн бул шилтемени басыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.05.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назминин клибиндеги актер ким? Өңү башкача го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: