super.kg logo

Депутат "600 долларлык кычкач" делген шаймандарды базардан 2500 сомго сатып алганын айтты

 

"600 долларлык кычкач" делген шаймандар өлкө базарларында 2500 сом турат. Мындай маалыматты бүгүн, 16-майда парламент жыйынында ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов айтты.

Жамангулов парламентти сырттан алынган насыя, гранттар боюнча көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды. "10-майдагы жыйында кызуу талкуу болду. Биздин Кытай тарапка дообуз жок. Насыяны туура эмес пайдалангандыгыбыз үчүн буга биз күнөөлүүбүз. Бардык алынып жаткан насыя, гранттар боюнча парламент көзөмөлдү күчөтүшү зарыл. Энергетиктер дайыма эле тарифтерди көтөрүш керек деп айтышат. Албетте, акчаларды туура пайдаланбасак кризис болот да. Энергетиктер 2-3 кабаттуу үйлөрдө жашайт. Унаалары кымбат баалуу. Ал эми айлыгы болсо 20 миң сом. Мындай байлыктар кайдан келди?

386 миллион доллар боюнча келишим түзүлүп жатканда Кыргыз тарап жетишерлик деңгээлде өлкө кызыкчылыгын коргой алган эмес. 10-майдагы жыйындан кийин УКМКнын кызамткерлери ЖЭБдин кампа башчысына барып сураганда алар башында жалгыз эле кычкач алынганын айтышыптыр. "600 долларлык кычкач" делген шаймандар топтомун базарда 2500 сомго тапса болот. Акчалардын иштетилиши боюнча эл аралык аудит жүргүзүү зарыл. Мындан кийин энергосистемдин башына келген жетекчилер мурункулардын күнүн көрүп калбайлы деп ойлонушу керек", - деди Жамангулов.

Жогорку Кеңештин ЖЭБ боюнча болуп жаткан жыйынын төмөнкү шилтемеден түз эфирде көрүп, окуп турсаңыздар болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(9)
16.05.2018. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Акылбек Жамангулов осо турган жигит экен молодец ушундай кыргыз деп куйгон жигиттер арабызда коп болсун ишине ийгилик болсун,мамлекеттин онугушуно чон салымынды кошуп журо бер
16.05.2018. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай жигиттер прездент болушун каалайм
16.05.2018. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ЖанагыЖанторо Сатыбалдиев дагы жегич адам экен мага жакпай калды ошол киши
16.05.2018. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
койгула ээу, кана ким сатып алды ошол кычкчты 2500го? соодалашып 600$ дан 2500го тушурдунорбу? ал кычкач ашып барса 100сом турат.
16.05.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,топтому (комплект) деп жатат
16.05.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурда бир чоон узун кычкачты корсотушкон 640$ алынган кычкач ушул деп. Эми сатып алгандар эптеп окшоштуруш учун Кычкачтар топтому(набор) деген болуп башка кычкачтарды корсотуп калышыптыр. Кадимки эле кондиционерди 50 000$ дегеничи?
16.05.2018. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уурулука тиешеси барлардын бири калбай катуу жазага тартылсын.
BarsBaatyr түзөттү 2018-05-16 11:52:36
16.05.2018. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге дагы деле куноолулор камалбайт январда болгон окуяга бул. Эптеп май ичи майды бутурсо жайкы каникулга тарашат
16.05.2018. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттиш, кычкач эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: