super.kg logo

Ошто окуучу кыздар мушташкан окуя боюнча иликтөө иштери башталды

 

Ош шаарында окуучу кыздар мушташкан окуя боюнча Ош ШИИБи иликтөө иштерин баштады. Бул боюнча Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын апрель айынын биринчи жарымында болгон.

"Окуучу кыздардын мушташы алгач социалдык тармакка тараган. Бул боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнүн негизинде кыздардын өздүгү аныкталды. Мушташкан кыздар Ош шаарындагы мектептердин биринде окушат. Окуядан кийин кыздардын ата-энелери өз алдынча жарашып алгандыгы да белгилүү болду. Ал эми мушташкан кыздарга буга чейин да Ош ШИИБинин жашы жетелек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан начар жүрүм-турумдары үчүн эскертүү берилген. Бүгүн укук коргоо органдары аталган мектепке барып, окуучу кыздар жана алардын ата энелери менен маектешүү жүргүзөт. Күнөөлүүлөр аныкталса, мыйзам чегинде жазаланат. Ал эми мындай фактыга жол берген жана өз кызматына кайдыгер мамиле жасаган милиция кызматкерлери болсо, алардын дагы жоопкерчилиги каралмакчы", - деди басма сөз кызматы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
16.05.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уят!

Эскертүү бергендин кереги жок болуп калды, эскертүү эле дейсиңер тынч гана барып, акчаны берип кутулуп кетишет.

Экөө жарашып алышты деп атышпайбы, ошол да акча менен урулган кыздын апасынын оозун жапкан жэ опузалаган!
16.05.2018. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мурун да каттоодо турган кыздар дейби. Тообо кылдым
16.05.2018. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уят,видеосунда кыздар уят создор мн согунуп жатышат,буларды кандай ата-эне тарбиялап жатат болду экен,ыйман деген грамм жок экен бул кыздарда,кыргыздын кыздар да ушундай болобу,уят-уят.
16.05.2018. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдар калып эми кыздарга өттүбү тобоо кылдым
Gulnyr19 түзөттү 2018-05-16 22:10:42
17.05.2018. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХБКовскийлер го дейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: