super.kg logo

Карганбек Самаков, Игорь Чудиновдун иши боюнча соттук отурум айыпталуучулардын бири ооруп келе албаганынан улам жылдырылды

 

Бүгүн, 16-майда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун, мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудиновдун жана мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдин иши каралмак. Бирок Искендербек Айдаралиев ооруп ооруканада жатканына байланыштуу отурум 1-июнга саат 10:00гө жылдырылды.
Эске салсак, Башкы прокуратура 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү жер тилкелерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөнү аяктап, ишти сотко жөнөткөн. Анда Карганбек Самаковго карата "коррупцияны уюштуруу", Жаныш Бакиевге жана Курманбек Бакиевгекарата "коррупцияга көмөктөшүү", К.Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковго жана алардын 4 адамына карата "коррупцияны кошо аткаруучулук" беренелери боюнча айыптар тагылган.

Өкмөттүн "Кыргыз Республикасынын Аламүдүн районунун аймагындагы жерлерди которуу жөнүндө" мыйзамсыз токтомун чыгарганы үчүн мурунку премьер-министр Игорь Чудиновго, мурунку биринчи вице-премьер-министр И.Айдаралиевге жана мурунку айыл чарба министри А.Ногоевге карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.05.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде акыйкат деген нерсенин "а"сыда калбаптырда , ушуларга сот башталса эле ооруп калышат, ал ооруп жатат деп сотторда унчукбайт. А карапайым адамды ооо ушундай тез соттойт ал адамда соту бутуп камака алынганын сезбей калат
16.05.2018. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыйкат жок жерде эч качан онугуу, онолу болбойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: