super.kg logo

Араванда диний сабактарын үйрөтүп, Сирия өлкөсүнө барууга үгүттөгөн деген шек менен кармалгандарга сот өкүм чыгарды

 

Ош облусунун Араван райондук соту диний сабактарын үйрөтүп, Сирия өлкөсүнүн аймагына барууга үгүттөгөн шектүүлөргө өкүм чыгарды.

Маалыматка ылайык, өкүм 4-майда чыгарылган.

Араван райондук сотунун өкүмү менен соттолуучу С.С. Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси (улуттук, расалык, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу иштерин уюштуруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылды. Жазасын жатак абалында өтөөсү көрсөтүлүп, бөгөт коюу чарасы мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта бойдон калтырылды.

Ал эми соттолуучу С.С. жана анын кылмыштуу шериги М.у.М. Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси (жалданмачылык) боюнча эч кандай далил табылбагандыгы үчүн акталышты. Башкача айтканда, соттолуучулар жалданмачы болгон адамга террорчулук же экстремисттик кылмыштарды даярдаганы, материалдык жактан камсыздоосу, согуштук аракеттерге катышуусу боюнча соттук териштирүүдө эч кандай далил табылган эмес. Ошондой эле турак жайларына тинтүү жүргүзүүдө далил буюм катары бычак, атылуучу курал-жарактар алынган эмес.

Эске салсак, соттолуучулар С.С. жана М.у.М. 2012-жылдан 2017-жылга чейин өзүнүн ислам диний «хужрасында» Ноокат районунун тургуну М.Н. аттуу жаранга диний сабактарын окутуп, исламдын радикалдык жактарын үйрөтүп, Сирия өлкөсүнүн аймагында өтүп жаткан куралдуу кагылыштарга катышууга үгүттөп келген. Ошону менен бирге соттолуучулар М.Н.га араб тилин үйрөтүп, бычак жана атылбас курал-жарактарды колдонууга машыктырышкан. 2017-жылдын июнь айында М.Н.га Сирия өлкөсүнө баруу маршрутун түшүндүрүп, жол чыгымына 5000 сом берип Орусия Федерациясына жөнөтүшкөн. Ал Москва шаарына жеткен кезде Сирияга баруу максатынан баш тартып, бара жаткан таксиден түшүп качып кеткен. Мындан улам С.С. жана анын шериги М.у.М.нун кылмыштуу ою ишке ашкан эмес. УКМКнын Ош облустук кызматкерлери тарабынан С.С. жана М.у.М.нын турак жайлары тинтүүгө алынган. Тинтүү жүргүзгөн учурда диктофон, 8 араб тилиндеги китептер, нетбук, 5 даана DVD компакт дисктери табылган. Табылган дисктер дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан Кыргыз өлкөсүнүн аймагында тыю салынган маалыматтарды камтыганы тастыкталган.

Соттолуучулар: С.С. 1961-жылы Араван районунда туулган, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон эмес, Кылмыш-жаза кодексинин 299 жана 375-беренелери менен айыпталган. Бөгөт коюу чарасы 2018-жылдын 2-февралынан бери камакта.

М.у.М. 1993-жылы Араван районунда туулган, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон эмес, Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси менен айыпталып, бөгөт чарасы 2018-жылдын 2-февралынан бери камакта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
17.05.2018. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Динге угуттогонду токтотуш керек. Болбосо билимбей журуп отуруп сокур фанат болуп кеткендерин оздору билбей калып жатышат. Динди ээрчмей жок.
17.05.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дин - деп кыргыздар жан дуйнобузду арабташтырбай эле койгонубуз жакшы. Арабча китептерди окуп алышып, адамдардын психологиясы жана ой жугуртуусу арабча болуп калып жатат.
17.05.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеге женил жаза?!! Мындай женил жаза менен вахабист, экстремист, хизбутчу, Чубакчы, чала молдо дин бузарлар кобойуп жатат, микроб ынгайлуу шартта ото тездик менен кобойуп кеткен сыяктуу...

Эгер мамлекет диний кырдаалды жонго салбаса, экстремист, радикалдар менен катуу курошуп катаал жазага тартпаса, анда акыбети окунучтуу болот. Анжиян окуясынан бетер болот...
17.05.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр мечитке элдин баарын топтоп алышып эле, биздин чала молдолор жаштар арасында арабча тушунукторду жайылтып жатышканын баарыбыз жакшы билебиз. Жан дуйнонун тазалыгын адамдардын жасаган ишинен, башкаларга кылган мамилесинен издоо керек. А бизде болсо сырткы корунушунон издешип арабтардын хиджабы, сакал, мечит жана баштарына чалма оронуп алышат экен. Чын чынына келгенде кудайга ишенем деген адам мечитке кайра кайра каттабай, арабташпай эле жакышнакай туура суйлошуп, туура иш жазашып, сапсайтып
erlan2196 түзөттү 2018-05-17 16:26:55
17.05.2018. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erlan2196,
сакал остурбой эле, хиджабка оронбой эле жакшынакай эле журушпойбу. Эмне эле болуп баратабыз.
17.05.2018. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
erlan2196, сакалды бүт эле улут бардык эле динде өстүрөт. Бир гана ислам дининдегилерди көргөнүң туура эмес. Хиджап дегени арабдын кийимин кий дегени эмес болгону уяттуу жерлериңди жаап кийин дегени. Кыргыздын улуттук кийими да жиджапка кирет эгер туура кийсек. Башка элечек чачка чачбак тагып узун дене мүчөсүн жаап кийинген чоң энелерибиз, азыркыдай европалашкан жарым жылаңач кийим кийген эмес.
17.05.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундай темада тенирчи-диванный коментаторлор ойгонот.Кылаар иши жок чечектер десе))
17.05.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дин боюнча бир соз болсо эле болду озулорун таза кандуу патриот элестеткез кыргыздар чыга келет. Кокуй мечиттер,медреселер кобоюп атат,хиджап кийгендер кобоюп атат. Арабташып атабыз деп. Эй соройлор кыргыздын качан башка улут болуп кеткенин кордунор. Динди уйронсо эле араб болуп кетебекен. 70 жыл ленинди ата деп келген кыргыз азыр деле орусчаны так суйлой албайле кыргыз бойдон журотго. Кудайга ишенген кыргыз деле мекенди суйуш, ата журтка кызмат кылыш боюнча силерден отсо отот, бирок эч калбайт.
17.05.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ит уруп келген, кербен журуп эле келген
KyrgyzstanBishkek түзөттү 2018-05-17 16:44:23
17.05.2018. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушуга окшогон динди бурмалап жаман жолго түрткөндөргө оор жаза берүү керек аяп отурбай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: