super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-МАЙ: "Жулия", "Сенин кадамың" деген ырлары менен калың элге таанылган казак ырчысы Батырхан Шукенов көзү тирүү болгондо 56 жашка толмок

 

Бүгүн айтылуу казак ырчысы Батырхан Шукенов көзү тирүү болгондо 56 жашка толмок.

Ал 1962-жылы 18-майда Казакстандын Кызыл-Ордо шаарында экономисттердин үй-бүлөсүндө жарыкка келген. 4 бир туугандын экинчиси. Болочоктогу композитор мектепте окуп жүргөндө эле музыкага кызыкчу. Мектепти аяктаган соӊ алгач Ленинград шаарындагы Маданият институтуна тапшырган. Бирок саксофон бөлүмүнө окуйм деп 2-курстан кийин Казакстандагы консерваторияга келе берген.

1982-жылы ырчы студент кезинде бир нече достору менен Казакстанда "Арай" тобун түзүшкөн. Кийин топ аталышын "Алма-Ата А`Cтудио", "А`Cтудио" деп өзгөртүп, атагы казак элине тарай баштайт. Таланттуу жигиттер тууралуу Алла Пугачёва угуп, аларды өзүнүн жыл сайын өтүүчү "Рождестводогу жолугушуулар" ("Рождественские встречи") концерт-фестивалына катышууга чакырат. Ошондон тартып "А`Cтудио" тобу Москвада болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкен. Алардын бардык чыгармаларын Батырхан Шукенов аткарчу. "Нелюбимая", "Жулия", "Белая река", "Стоп, ночь", "Солдат любви", "Эти тёплые летние дни" сыяктуу ырларын күйөрмандары унутушпайт.

2000-жылы Батырхан "мекениме кызмат кылуум керек" деп Алматыга кайтып, жеке ырчыга айланган. Бул аралыкта 6 ырлар жыйнагын жарыкка чыгарганга жетишкен.

"А’Студио" тобунда жүргөндө "Жулия" деген ыры менен элге таанылса, топтон чыккан соң "Сенин кадамың" ("Твои шаги") деген ыры менен популярдуу болгон.

Батырхан Шукенов 46 жашында Айгерим аттуу айым менен баш кошкон. Бирок түгөйлөр балалуу болушкан эмес деген кептер бар.

Ошондой эле ырчы Екатерина Шелякова менен жарандык никеде 20 жыл жашап, Максут аттуу уулу бар.

Батырхан Шукенов 2015-жылдын 29-апрелинде Москва шаарында жүрөк оорусунан улам 52 жаш курагында каза тапкан.
18-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.05.2018. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арай" тобунун ырлары жакшынаго. Эски топ экен билбеген экем
18.05.2018. 07:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батырхандын ырлары очпойт го. Твои шаги менен нелюбимаясы эле эмне деген ыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: