ТЕСТ: Аялзатынын бири сүйдүрөт, бири азабыбызды тартат. Мен экинчисин билем, ал апам... Атактуулардын апасы тууралуу маалыматыңыз барбы?
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембиси "Энелер күнү" катары белгиленип келет. Бул күн энелердин коомдогу ордун, статусун бир топ жогорулатып, энелерге көңүл бурууга арналган күн болуп калмакчы.
Атактуу ойчул Эзоп эне тууралуу мындай деген: “Мен аялзатынын эки түрүн билем. Алардын бири бизди сүйдүрүп азапка салса, экинчиси азабыбызды тартат. Азабыбызды тарткандардан мен бирди гана билем. Ал менин энем!" Ооба, азабыбызды тарткан, кандай бийиктикке жетсек, ошол нерсенин баарына салым кошкон биздин жаркын апабыз экени айтпасак да белгилүү. Бул ирет Кыргыздын атактуулары энелери тууралуу кандай баллада айтканын эстеп, тесттен өтүп көрөлү.
кошулду
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
"Апам күндө мени түшүндө көрөрүн айтса, иним "акча берейин мени деле түшүңдө көрүп койчу" дептир". Сөз кайсы Эмгек сиңирген артисттин апасы тууралуу болуп жатат?
Турусбек Жумалиевдин апасы Турсун күйөөдөн жаш калып, 8 баласын жалгыз чоңойтуп бутуна тургузган. Апама аябай жакынмын деген Турусбек мырза: "Апам кичүү инимдин колунда көп жүрүп калды. Анан күндө эле чай ичип отуруп мени түшүндө көргөнүн айта берчү экен. Иним тажап кетип "апа, отуз күн үйүмдө болсоң ошол отуз күндүн баарында Турусбегиңди көрө бересиңби? Акча деле берейин, бир күн мени деле түшүңдө көрүп койчу" деп тамашалаптыр", - деп айтканы бар маегинде.
Кийинки суроо
Турусбек Жумалиев
Алина Жетигенова
Мирбек Атабеков
"Апам биз үчүн берекенин символу" деген ырчы эсиңиздеби?
"Биз апамдан канча эсе көп акча табабыз, бирок бат эле жок болуп кетет, жетпей калат. Өзүбүздүкүн коротуп салып апамдан сурайбыз. Анткени анда дайыма акча бар, кантип баарына жеткирет түшүнбөйсүң, береке деген ушу да. Апам биз үчүн берекенин символу, - деген "Супер-Инфого" берген маегинде ырчы Жамиля Муратова.
Кийинки суроо
Жамиля Муратова
Саламат Садыкова
Гүлнур Сатылганова
Апасынын тамак жасаган казанын эстеликке алып калган ырчы, куудул ...
"Апамдын буюмдарын карап, кээде катуу сагынганымды байкайм. Өз колунан чыккан жакшы буюмдары бар. Менде болсо апамдын казаны эстеликке калган", - дегени бар Кубик Калыковдун.
Кийинки суроо
Жакут Сыдыков
Кубик Калыков
Борончу Кудайбергенов
"Алма гүлү төккөн кезде, апа, сизден айрылдым" деген ырдын аткаруучусу?
Эстрада ырчысы Кенже Дүйшеева жаз мезгилинде атасын, 15 күндөн кийин апасын жоготкон. Анын "Алма гүлү ачкан кезде, ата, сизден айрылдым, алма гүлү төккөн кезде, апа, сизден айрылдым" деп ата-энесине арнаган ыр саптары бар.
Кийинки суроо
Кенже Дүйшеева
Роза Аманова
Гүлнур Сатылганова
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин апасы Бишкектен Ошко учарда жүктү багажга бергиси келген эмес. Эмнеге?
ЖКнын депутаты Жанар Акаев "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде: "Апам өмүрү учакта учпаптыр. Бир ирет Бишкектен Ошко чогуу учуп калсак, "жүктү багажга бербейм, буларың жоготот" деп чыкса болобу. "Ой, апа, муну Оштон алабыз" десем, "жок, жаныма кармап алам, неберелериме таттууларым бар, самолётто адашат" деп көнбөйт. Ошентип ишенбей жатып араң көндүргөм", - деген.
Кийинки суроо
Жүгү жок болчу
Жүгүн унутуп калган
Жоголот деп берген эмес
"Апам эркектей аял эле. Өзү 2 кабат времянка салган", - деп апасын эскерген ырчы ...
Ырчы Роза Шакированын: "Үйдүн жанына эки кабат времянка салдык. Усталар келип пайдубал куюп, жыгач кагып бергени эле болбосо, апам ылайдан дубал тургузган", - деп айтканы бар.
Кийинки суроо
Роза Шакирова
Айнура Салахидинова
Мээрим Карыпова
Артист болуп апасынын кыялын орундаткан мурдагы министр ...
Мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов артист болуп апасынын кыялын орундатканын айткан. "Апам жакшы ырдачу, бирок туугандары артист болбойсуң дептир. Турмушка чыккандан кийин "мен жетпеген кыялыма балам жетсин, элдин адамы болсун" деп тилек кылып ырчы Алтынбек Сапаралиевдин атынан Алтынбек деп атымды коюптур. Апамдын кыялын ишке ашырганыма кубанам", - деген ал.
Кийинки суроо
Темир Сариев
Алтынбек Максүтов
Түгөлбай Казаков
Аскерге кеткенче апасы киринткен Кыргыз Республикасынын Эл артисти ким?
"Апамды көп көрбөй калсам аябай сагынып кетем. Армиядан да аны сагынып кат жаза берчүмүн. Баарынан кызыгы апам мени эр жетип чоңойгончо өзү киринтип жүрдү. Анткени мен мончого барганды аябай жаман көрчү элем. Апам чоң дагарага салып алып мени аябай жышып жуунтар эле", - деген Курмангазы Азыкбаев.
Кийинки суроо
Курмангазы Азыкбаев
Замирбек Сооронбаев
Дүйшөн Байдөбөтов
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Эльдияр Кененсаровго апасы " ... болбой башка жумуш тапчы" деген.
"Азия Микс" командасынын капитаны Эльдияр Кененсаровдун апасы ушул жылы президенттин колунан сыйлык алган. "Апам эми менин эмгегимди түшүнүп жатат. Бир кезде "эмнеге мындай иш менен жүрөсүң, эмне клоунсуңбу? Бар, жакшы жумуш тап" деп айтчу. Эми болсо президент менен түшкөн сүрөтү, сыйлык үйүнүн төрүндө турат. Демек, бул окуя жашоосундагы эң урунттуу окуя болду", - деген ал.
Кийинки суроо
Артист
Алып баруучу
Клоун
"Апам толук айымдарды арыктатат" деген ырчы?
Бул сөз шоу бизнестин жаш ырчысы Айдана Декага таандык. Ал "Супер-Инфого" берген маегинде апасы тууралуу: "Апам толук айымдарды арыктатат", - деп айткан.
Кийинки суроо
Айдана Дека
Айыма
Асел Кадырбекова
"Менин тозок жашоом өз ата-энемдин колуна барганда башталды" деген куудул ...
"Мени атамдын көзү өтүп кеткен агасынын байбичеси багып алган. Мен чоңойгон үй менен өз ата-энемдин үйүн бир эле кошунабыз бөлүп турчу. Менин тозок жашоом өз ата-энеме кайрылып келгенде башталды. Бир туугандарымды бир тууган дей албайм, алар дагы мени чоочундай кабыл алышты. Уруша кеткенде "өзүңдүн балдарың биринчи тийишти, өзүңдүн балдарыңды кой дебейсиңби" деп айтам. Эрке өскөн бала элем, ошентип жетиге чыкканда катуу сындым", - деген куудул Борончу Кудайбергенов.
Кийинки суроо
Борончу Кудайбергенов
Рахман Разыков
Токторбек Бекбоев
"Чачымды суулап силксем эле апам "эй, моюнуң үзүлөт, сага силккенди ким коюптур" деп урушар эле". Бул сөз кимге таандык?
"Мектепте окуп жүргөндө чачты суулап туруп улууларды туурап артка силкчүбүз. Силксем эле апам "эй, моюнуң үзүлөт, силккенди сага ким коюптур" деп урушуп жатып калчу", - деп Малик Аликеев апасынын берген тарбиясын эстеген.
Кийинки суроо
Расул Маматкулов
Малик Аликеев
Амантай Кутманалиев
"Балам шаарда тууганы жок, кантип жүрөт?" деп ыйлай берчү экен", - деген сөз кайсы саясатчыга таандык?
"Студент кезде апам "балам шаарда тууганы жок, жалгыз кантип жүрөт болду экен?" деп ыйлай берчү экен. Атам болсо "кантип жүрмөк эле, элдин балдарындай эле жүрөт, керек болсо бекетте түнөйт, эркек бала бардыгын көрүш керек" деп койчу экен. Бирок телефондон ыйлаганын мага эч билдирчү эмес", - деген саясатчы Улукбек Кочкоров.
Кийинки суроо
Жанар Акаев
Сапар Исаков
Улукбек Кочкоров
"Эчен өмүрлөрдү сактап, мага өмүр берген энемди сактай албай мөгдөп калдым" деген белгилүү дарыгер ...
"Энем 83 жашында тамакты жакшы ичпей калды. Кийин ашказанына операция жасап, түтүк менен тамак бере баштадык. Түнкү сменде элем, аялым «тез кел, энем кыйналып жатат» деди. Атамды да чакырттык, ал келгенден кийин эле үзүлдү. Ошондо өзүмө, врач кесибиме таарындым. Эчен өмүрлөрдү сактап, мага өмүр берген энемди сактай албай мөгдөп калдым", - деп Мамбет Мамакеев энеси тууралуу эскерген.
Кийинки суроо
Мамбет Мамакеев
Сабырбек Жумабеков
Жеңишбек Назаралиев
"Энем бир да жолу жазалабаган баламын", - деген экс-премьер-министр...
"Кичинемде көбүрөөк эжемдин колунда өстүм. Атам менен апам эртеден кечке жумушта, кийинчерээк докторлугун жактап жүрүштү. Алардын "тигини кыл, муну жасаба" деп айткандары деле эсимде жок. Ата-энем өздөрүнүн жашоо-турмушу, жүрүм-туруму менен эле балдарына үлгү болуп, тарбия беришкен экен. Мен ата-энем бир да жолу жазалабаган баламын", - деп Жоомарт Оторбаев "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде айткан.
Кийинки суроо
Темир Сариев
Жоомарт Оторбаев
Сооронбай Жээнбеков
"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Сиздин упайыңыз
70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Каяктан билейин Эми, кайсы артисттин апалары эмне деп айтканын.
Макаладан окугандарым гана эсте калыптыр)))