super.kg logo

Тез даярдалган шаурма! Бишкекте эң даамдуу шаурма кантип жасалат (сурамжылоонун жыйынтыгы)

 
SUPER.KG порталы бир апта бою "Бишкекте эң даамдуу шаурма кайсы жерде жасалат?" деген сурамжылоо жүргүздү. Анын жыйынтыгында 3 жай алдыга суурулуп чыкты. Алар:

1. "Евразия"
2. "Шаурма по Нарынски"
3. "Даамдуу"

Окурмандар "эң даамдуу шаурма жасалат" деп тандап алган жайларга барып, шаурманын кандай жасаларын билүүгө аракет кылдык.

Сурамжылоодо 1-орунду алган "Евразия" тез татым жайынын кызматкерлери "Бишкек шаарынын тургундары бизди тандап, алдыңкы орунга чыгарганына кубанычтабыз. Бизде эч кандай деле сыр жок, болгону ар бир келген кардарга жагымдуу маанай менен чын жүрөктөн шаурма жасап беребиз", - деп билдиришти кубанган кызматкерлер.

Ал эми экинчи орунду ээлеген "Шаурма по Нарынски" тез татым жайынын ашпозчусу Тимур Мырзабеков шаар тургундары аталган жайдын шаурмасынын эти көп деп баалашарын айтат.

"Шаурма жасап иштегениме он жылдын жүзү болду. Ал эми бул жердин ачылганына 5 жыл толду. Жаңы ачып жатканда бул жердин өзгөчөлүгү катары этти көп салып жасайлы деп пландаганбыз. Ошондуктан атыбызга да "Нарын" деген сөздү кошконбуз. Эми элдер Нарын деген атты укканда эле этти эстешет эмеспи. Шаар тургундарынын көпчүлүгү бизди тандап жатышы - бул биздин 24 саат бою иштегенибизде. Экинчиден жасалган ар бир шаурманын ичиндеги кошулмаларын бирдей өлчөмдө салып жасап бергенибизде. Жакшы шаурма жасаш үчүн этти туура маринаддоо жана ар кандай татымалга ээ соустарды колдонуу керек", - дейт Мырзабеков.

Үчүнчү орунду ээлеген "Даамдуу" тез татым тамагын даярдаган Эламан Садыкбаев даамдуу шаурманы жасоонун сыры деле жок дейт.
"Биздин шаурманын сыры атына заты жарашканында. Биз болгону тазалыгы сакталган жайда бул тез татымды жасоо менен бирге, аларга кошулуп жаткан башка да жашылчаларга көңүл бурабыз. Башкача айтканда, бизде ашып калган азыктар кийинки күнгө калтырылбайт. Мен ушул талаптарды биздин өзгөчөлүк деп билем", - деди Садыкбаев.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
19.05.2018. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Башкасын билбеймго По Нарынски дегенди жонле койбопсунар жегенде кычырап таш сыяктуу бир нерселер чыгат
19.05.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Arman7,туура айттыныз, мен жегенде да ичинен катуу нерсе чыккан.Даамдуунуку жакшыраак
19.05.2018. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Евразия деле укмуш эмес.
19.05.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Anaraalieva, Евразияныкы мурда даамдуу болчу. Азыр мурдакыдай жасабай калышыптыр.
19.05.2018. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нормальный шаурма жок Кыргызстанда
19.05.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Jalalabadda bekburgerdin shaurmasy jakshy
19.05.2018. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тез даярдалгандарды жебениздер ашказан оорусун пайда кылат экен.
09.12.2019. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 Дос
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: