super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-МАЙ: "Секрет на миллион" шоусунун алып баруучусу Лера Кудрявцева 47 жашка толду

 

Бүгүн орусиялык алып баруучу жана актриса Лера Кудрявцева (толук аты-жөнү Валерия Кудрявцева) 47 жашка толду.

Ал 1971-жылы 19-майда Казакстандын Усть-Каменогорск шаарында илимий кызматкерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал ГИТИСти аяктаган. Теледе 1995-жылдан тартып иштеп, Муз-ТВ, ТНТ, ТВ-6 каналдарында "Партийная зона", "Музобоз", "Испытание верности" жана башка берүүлөрүн алып барган.

2007-жылы алып баруучу өзүн тасма талаасында сынап көрөт. Тагыраагы, "На крыше мира", андан кийин "Самый лучший фильм" тасмаларында роль жаратат. 2008-жылы "О, счастливчик", "Очень русский детектив", "Искатели приключений" фильмдеринде роль жаратууга чакыруу алат.

Лера Кудрявцева 18 жашында "Ласковый май" тобунун музыканты Сергей Ленюкка турмушка чыгып, андан уул төрөгөн. Бирок көп өтпөй ажырашып кетишкен. Экинчи ирет 2004-жылы Матвей Морозов аттуу ишкерге турмушка чыгып, бирок бул ирет да анын үй-бүлөлүк бактысы көпкө узаган эмес. 2008-жылы орус эстрада ырчысы Сергей Лазарев менен сүйүү мамилесин курган.

2013-жылы хоккейчи Игорь Макаров аттуу жигитке турмушка чыккан.

Учурда "Секрет на миллион" шоусун жана "Звёзды сошлись" берүүсүндө алып баруучу болуп эмгектенет.

19-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: