super.kg logo
  Саясат  

Баткен облусундагы “Чечме”, “Кадамжай” чек ара өткөрүү бекеттери ачылды

 
22-июнда Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Чечме”, “Кадамжай” чек ара өткөрүү бекеттери ачылды. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, аталган өткөрүү бекеттери 20-июнда чек арада болгон жаңжалга байланыштуу жабылган. Белгилүү болгондой, учурда Кыргызстандын жана Өзбекстандын укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Эске сала кетсек, Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Марказ” чек ара тозотунда 20-июнда болжол менен саат 00:15те Өзбекстандын чек арачылары менен Баткен облусунун Кадамжай районунун Сарыбай айылынын тургуну, 1975-жылы туулган Бакыт Тагаевдин ортосунда чыр чыгып, өзбек чек арачылары ок чыгарышып, Кыргызстандын жараны көз жумган.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: