super.kg logo

КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Үй-бүлөлүк ынтымакты бекем сактоого чакырган "Бунт" тасмасы SUPER.KG порталында

 

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө режиссёр Сапар Сайназаровдун "Бунт" аталышындагы тасмасы жүктөлдү. Тасманы тартуу идеясы "тамашоучу" Кадыр Жарматовго таандык. Ал эми тасмада Альбина Имашова, Максат Тасмаев, Гүлмира Турсунбаева, Жакут Сыдыков, Айжамал Кабылова, Мурат Жалиев, Динара Багышбаева, Максат Тасмаев, Жаңылай Исакова, Кадыр Жарматов жана башкалар роль жаратышкан.

Тасманын режиссёру Сапар Сайназаровдун айтымында, фильм Ош шаарында тартылган. "Фильмди тартуу иши 1 айга созулду. Тасманын өзөгү биздин, тагыраагы, чоң адамдардын жаш балдар түшүнбөйт деп туура эмес иштерди жасап, алардын психологиясын бузганыбызда. "Бунт" киносу аркылуу үй-бүлөлүк ынтымакты бекем сактоого чакыргыбыз келди", - дейт ал.

Тасма үй-бүлөдөгү 3 бир туугандын окуясын баяндайт. Бири дин жолунда жүрсө, экинчиси ичкиликке берилип кеткен. Ал эми үчүнчүсү жаңыдан жумушка орношуп иштеп баштаган болот. Бир туугандар ата-энеси менен чогуу бир үйдө жашайт. Бирок бир туугандардын жубайлары мындай жашоого канааттанбай козголоң чыгарышат. Келиндер кайненеси менен борбор калаага келе берет. Шаардын жашоосу козголоңчу келиндерди канааттандырганы менен, бир нерсе жетишпейт. Акырында жаман да болсо күйөөлөрү менен жашоо керектигин түшүнүшөт...
"Бунт" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.05.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: