Өлкөдө гитараны мыкты черткендер арасында сынак өтөт
"Аскар Салымбеков" коомдук фонду менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги биргелешип гитара сүйүүчүлөрдүн кароо-сынагын жарыялайт. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сынак 20-майдан тартып 1-июнга чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өтөт. Сынакка өлкөнүн бардык жарандары катыша алат. Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт.
"Кароо-сынакка катышуучулар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 2018-жылдын 1-июнуна чейин төмөндөгүдөй документтерди тапшырууга тийиш:
- Катышуу жөнүндө арыз;
- Паспортунун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- Аткарган эмгек стажы боюнча маалымат;
- Өзү жана чыгармачылыгы жөнүндө баяндама;
- Жашаган жеринин дареги жана уюлдук байланыштары.
Кароо-сынактын өткөрүлө турган күнү туурасында документтер толук кабыл алынгандан кийин Маданият министрлигинен билүүгө болот. Тандоодон өткөндөр 2018-жылдын июль айында Чолпон-Ата шаарында өтүүчү гала-концертке катышууга укук алат жана жеңүүчүлөргө байгелер ыйгарылат" ,- деп жазылат билдирүүдө.






1 |