"Алай" командасына бир нече техникалык жеңилүү эсептелип, команданын директору менен машыктыруучусу 1 жылга футболдон четтетилди
"Алай" жана "Алай-2" командаларына бир нече техникалык жеңилүү эсептелип, команданын директору менен машыктыруучусу 1 жылга футболдон четтетилди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн футбол лигасы расмий сайтына жарыялады.
Маалыматка ылайык, мындай чечим 18-майда Футбол федерациясынын тартип боюнча комитетинин отурумунда белгилүү болгон. Өлкөнүн футбол лигасы "Алай-2" клубунун оюнчусу Расулбек Ташланкуловго паспорт алып берүү тууралуу командага бир нече жолу кайрылуу жасаган. Бирок "Алай" клубу оюнчу Өзбек жараны экенин билип туруп аны Кыргыз жараны деп паспортунун көчүрмөсү жок билдиришкен.
Мындан улам команданын директору Алмаз Сулайманов жана "Алай-2" клубунун машыктыруучусу Айбек Татанов 10 миң сомдон айып салынып, 1 жылга футболдон четтетилди. Ал эми оюнчуга байланыштуу "Алай" клубуна 6, "Алай-2" командасына 1 техникалык жеңилүү эсептелген. Ошондой эле клубга 5 миң сом айып салынган.
Техникалык жеңилүү эсептелген беттештер:
1) "Алай" - "Илбирс" 07.04.2018;
2) "Абдыш-Ата" - "Алай" 15 .04.2018;
3) "Кара-Балта" - "Алай" 18.04.2018;
4) "Алай" - "Академия" 21.04.2018;
5) "Алай" - "Алгa" 28.04.2018;
6) "Нефтчи" - "Алай" 09.05.2018;
7) "Алай-2" - "Шахтер" 06.05.2018.

Бир оюнчунун документи деп бир клубка 6 женилуу беруу бул биздин футбол федерациясында акмактар отурганынын бир далили...
Сен тушундуруп берчи, паспортту эмнеге талап кылат?!! Башка олко оюнчулары ойносо болбойбу?!! Ансыз да кыргыз футболунун акыбалына мышык ыйлайт. Ошондуктан бюджеттен айлык алган футбол федерациясын жоюп салыш керек.....
Мисалы Европанын клубунда Латын Америкадан, Африкадан толтура оюнчулар келип ойношот. Ошол эле аогентиналык Месси, Португалиялык Роналдо Испанияда, Египеттик Салах Англияда ойноп келет. Анан эмнеге Кыргызстанда чет олколук оюнчулар ойной алышпайт?!!
СуперИнфо, футбол федерациясы эмнеге паспорт сураганын билип берсенер.
башка олконун жаранын клубда ойнотсо болбойбу
же биздин фудболдун эрежеси башкабы
рахмаат. мен туура эмес тушунуп алыпмын
озунун мыйзамы бар аргимибиздин ойубуз менен болбойт мындай ката отон чоон манилуу бул жеке иш эмес бул аты айткандай каманда мындан ары ийгилик калайм сабырдуу бололу мусулман бир туугандарым орозонуздар кабыл болсун
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Жекеликке асылган билдирүүлөр түзөтүлдү! Порталдын эрежелерин сактагыла!