super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 22-МАЙ: Атактуулукка Гонконгдон жеткен америкалык актриса Мэгги Кью 39 жашка толду

 

Бүгүн атактуулукка Гонконгдон жеткен америкалык актриса жана модель Мэгги Кью 39 жашка толду.

Мэгги Кью 1979-жылы 22-майда АКШнын Гонолулу шаарында төрөлгөн. Актрисанын толук аты-жөнү - Маргарет Дениз Куигли. Анын 2 эжеси жана 2 агасы бар. Болочоктогу жылдыз бала чагында жеңил атлетика, сууда сүзүү менен алектенген. Шоу чөйрөнүн адамы болуп, атактуулукка жетем деп ойлобогон Мэгги Кью келечекте ветеринар болгусу келчү.

17 жашында досунун сунушу менен алгач Токиодо, андан соң Тайбэй, Тайвань жана Гонконгдо модель болуп иштей баштаган. Гонконгдо жүргөндө Мэгги Кьюнун талантын белгилүү актёр Жеки Чан байкап калып, өзүнүн карамагына алат. Актёр назик кызга уруш искусствосунан сабак берип, кино ааламына жол ачып берет.

Ошентип 1998-жылы модель "Ажыдаардын үйү" тасмасына тартылып, актёрдук тушоосу кесилет. 2000-жылы "Тозоктон чыккан модель" жана башка тасмаларга тартыла баштайт. Жылдызы жанган Мэгги Кью "Чак түш" (2001), "Жылаңач курал" (2002), "Сыйкырдуу ашкана" (2004), "Аткарылбаган миссия-3" (2006), "Жеңилбес 4.0" ("Крепкий орешек 4.0") (2007), "Нью-Йорк, мен сени сүйөм!" (2008), "Малчы" (2011), "Сталкер" (2014) жана башка тасмаларда роль жараткан.

2015-жылы актриса "Сталкер" тасмасындагы өнөктөшү америкалык актёр Дилан Макдермоттко турмушка чыккан.

Мэгги Кью 2008-жылы жаныбарлардын этинен даярдалган тамак-аштан толук баш тарткан.

22-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
22.05.2018. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татынакай екен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: