super.kg logo
  Саясат  

Айнуру Алтыбаева: "Бүгүнкү күндө президент же Жогорку Кеңеш тараптан Жогорку Сотко буйрук бере турган учурлар жок"

 

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдайлардын ачылганын билдирип, сот ишти кайра карап чыгуусу керектигин айтышты. Ушул маселенин негизинде SUPER.KG порталынын узаткан соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын жообу төмөнкүдөй.

"Азыр иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдайлар Кылмыш-процессуалдык кодекстин негизинде сотто каралышы мүмкүн. Баарын сот чечет. Бүгүнкү күндө бийлик тараптан, президенттен же Жогорку Кеңештен Жогорку Сотко буйрук бере турган учурлар жок. Сот өзү жагдайларды карап чыккандан кийин чечим чыгарууга укуктуу.

Текебаевдин иши боюнча сот процессин так билбейм. Орусиянын жараны Маевскийдин көрсөтмөлөрү болуп жатканын, иш "Мегакомго" байланыштуу экенин билем. Сот көз карандысыз чечим чыгарат деп ишенем. 5 жаңы жагдайды сот изилдеп, чечимдер өзгөрөр", - деди Алтыбаева.

Саясат таануучу Марс Сариев, Жогорку Кеңештин депутаттары Сайдулла Нышанов, Жанар Акаев, Марлен Маматалиевдин пикирлери төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: