super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев: "Мурда оппозиционерлердин тагдырын бир ууч саясий-бандиттик топ чечкен учурлар көп болгон"

 

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдайлардын ачылганын билдирип, сот ишти кайра карап чыгуусу керектигин айтышты. Ушул маселенин негизинде SUPER.KG порталынын узаткан соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин жообу төмөнкүдөй.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев учурдагы бийликтен жарандар адилеттүүлүктү күтүп жатканын айтты. "Өлкөдө саясий режим алмашты. Миңдеген адамдар соттордон, жаңы бийликтен адилеттүүлүктү күтүп жатат. Мурда өлкөдө адамдардын, коомдук ишмерлердин, саясатчылардын, оппозициялык ишмерлердин тагдырын бир ууч саясий-бандиттик топ чечкен учурлар көп болгон. Ак Үйдөгү Манас Арабаев деген адам соттор үчүн Кудайдан кийинки адам эле. Азыр ал кызматтан кетти. Эми коомчулукта үмүт пайда болду.

Өмүрбек Текебаевдин иши ушундан башталса, башка саясий туткундарга да акырындык менен кадам ташталат деп ойлойм. Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов эле эмес, Канат Исаевдин, Садыр Жапаровдун да саясий негизде соттолгонун мурдатан бери айтып келе жатабыз. Текебаевдин иши жаңы жагдайларга байланыштуу кайрадан каралышы керек. Биз муну талап кылабыз", - деди Акаев.

Саясат таануучу Марс Сариев, Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Сайдулла Нышанов, Марлен Маматалиевдин пикирлери төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: