super.kg logo
  Саясат  

Марлен Маматалиев: "Бизде да, коомдо да Текебаев саясий кызыкчылыктан улам камалды деген ой калган"

 

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдайлардын ачылганын билдирип, сот ишти кайра карап чыгуусу керектигин айтышты. Ушул маселенин негизинде SUPER.KG порталынын узаткан соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин жообу төмөнкүдөй.

"Мыйзам боюнча жаңы жагдайлар чыккандан кийин сот сөзсүз түрдө ишти кайрадан карашы керек. Эгер Текебаевдин ишинде жаңы жагдайлар болсо, акталып чыкканга толук мүмкүнчүлүгү бар.

Буга чейинки сот отурумдарында чечимдер туура эле кабыл алынгандыр. Бирок жаңы чыккан жагдайлар боюнча сот кайрадан чечим кабыл алышы керек. Кудайга шүгүр, азыркы учурда жакшы систем курулуп калды. Адилеттүү эле чечим кабыл алынат деп ойлойм. Камалганга чейин Өмүрбек Чиркешович трибунадан кандай гана маселелерди көтөрүп чыкпады. Албетте, мындан улам бизде да, коомчулукта да анын иши саясий кызыкчылыктан улам болду деген ой калган", - деди Маматалиев.

Саясат таануучу Марс Сариев, Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Сайдулла Нышанов, Жанар Акаевдин пикирлери төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: