super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-МАЙ: Бүгүн 38 жашка толгон этноакын Тата Улан: "Туулган күнүмдү бала кезимде эле белгилегем"

 

Бүгүн этноакын Тата Улан 38 жашка толду. Ал 1980-жылы 24-майда Бишкек шаарында төрөлгөн. Ырчыны SUPER.KG порталы туулган күнү менен куттуктап байланышты.

"Туулган күн мен үчүн катардагы эле иш күндөрүнүн бири. Бүгүн эч кандай майрамдык кече деле уюштурбайм, үй-бүлөм менен болом. Буга чейин туулган күнүмдү бала кезимде эле белгилегем. Жашым өткөн сайын олуттуу деле карабай калдым", - дейт ал.

Тата Уландын балалыгы Алматыда өткөн. "Досторум "эмнеге келдиң, казак жеринде эле ырдап, иштеп жүрө бербейт белең" дешет. Бирок көкүрөктө кыргыз деген тамгалар, канымда кыргыздын каны бар. Баарын таштап Ата Журтума келе бердим", - деген ал.

Патриоттук ырларга басым жасаган этноакын Тата Улан 7-8-класста окуп жүргөндө эле текст жазып, обон чыгарып, гитара менен ырдачу. Ал Москва шаарындагы Щепкин атындагы окуу жайдын актёр жана кино факультетин аяктаган.

Окуу жайды аяктап келген жаштар үчүн Улуттук телевидениенин алдында атайын “Учур” телетеатры ачылган. Тата Улан тобу менен ошол театрда иштеп калган. Ал жерде баш-аягы 5 жыл иштеген. Ырчы "Кыргызстан", "Баары бир", "Карындаш" аттуу ырлары менен белгилүү болгон.

"Жеке жашоомду эч кимге жарыя кылбайм" деген ырчы учурда 4 баланын атасы.

24-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.05.2018. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омурунуз узуун болсун абдан жакшы байке
24.05.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ачык эле ырдап чыгат коомдогу терс корунушту ийгилик,сырдуулугу да жагат!Кээ бир ырчы чоорчуларга караганда(XXXXXбарганын да айтып мактанып чыгышат го)
24.05.2018. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омуру узун болсун. Уйбулолук бакыт.
24.05.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкенин бетин короор кун болот экен да,балалык чагындагы сурот болсо да))
Туулган кунунуз менен!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: