super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-МАЙ: Бүгүн 27 жашка толгон "тамашоучу", актёр Кубанычбек Курманбеков: "Атам экөөбүз бир күндө төрөлгөнбүз"

 

Бүгүн "тамашоучу" жана актёр Кубанычбек Курманбеков 27 жашка толду. Актёрду туулган күнү менен куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкканда, бүгүн үйүндө кош майрам болорун билдирди.

"Бүгүн биздин үйдө кош майрам. Тактап айтканда, атам экөөбүз бир күндө төрөлгөнбүз. Кечинде жубайым, уулум болуп атамды туулган күнү менен куттуктап барабыз. Негизи туулган күнүмдү салтанаттуу майрам кылгым келбейт", - дейт ал.

Кубанычбек Курманбеков 1991-жылы 25-майда Бишкек шаарындагы Ак-Өргөө конушунда төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Орус Славян университетинин архитектура факультетин бүтүргөн. 2007-жылы "Тамашоунун" босогосун аттаган.

"Бир күнү "Эрмек Нурбаев кыргызча КВНге жигиттерди чакырат" деген жарнаманы окуп калдым. Силер тааныган "тамашоучу" Зияш экөөбүз классташпыз. Ал жигиттин сунушу менен команда түзүп, аны "Ак-Өргө Сity" деп атап, Эрмек байкенин алгачкы чогулушуна барганбыз. Ал жакка дагы бир "Ак-Өргө Сity" деген команда келип калыптыр. Бизге "команданын атын өзгөрткүлө" дешип, кийин өзүбүз окуган №77-мектептин атын таанытуу максатында команданы "KG 77" деп атадык", - деген ал маектеринин биринде. Аталган команда кийин "Ак-Өргө Сity" менен бириккен соң "Ак-Өргө Сity" командасынын атынан чыга баштаган.

Ал "тамашоучу" катары таанылгандан кийин "До+Фа", "Браво", "Пентхаус", "Бир мешок акча", "Понт" жана башка тасмаларда роль жараткан.

2015-жылы Замира аттуу сүйлөшкөн кызына үйлөнүп, түгөйлөр уулдуу болушкан.

Учурда Кубанычбек Курманбеков "Ак-Өргө Сity" студиясында актёр, режиссёр болуп иштейт.

25-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
25.05.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ийгилик ден соолук уй булоолук бакыт каалайм Шамальбек
25.05.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туулган кунун менен!!! (Шамальбек)
26.05.2018. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кун ысыккы абдан ысыккы Деги ысыккы деген соз барбы кыргыз тилинде айтып койгулачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: