super.kg logo

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон кыздын атасы: "Буга чейин да ал жигит кызымды эркине каршы ала качкан"

 

27-майда түндө 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, 29 жаштагы жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБине жеткиришкен. Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Кичүү кызынан айрылган Кожоналиев Турдали SUPER.KG порталына болгон окуяны айтып берди.

Маркум кыздын атасынын айтымында, 27-майда кечке маал кызды үйүнөн ала качып кетишкен.

"Кеч курун жаныбыздагы дүкөнгө кызымды айран алып келгенге жумшай салганбыз. Дүкөн үйдүн жанында. Арадан 2 мүнөт өткөн соң эшикте ызы-чуу болуп кетти. Чуркап чыксам бир машина үйдүн жанынан айланып жүрүп кетти. Артынан чуркап жетпей кайра машина менен кууп чыктым. Артынан жетпей турганымды түшүнүп, милиция кызматкерлерине телефон чалдым. Милиция кызматкерлери келип, биз унаа базарына чейин чогуу бардык. Ал жерде 2 саатка чейин кармалып, андан соң арыз жазыш үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө алып барышты. Мен жазган арыз боюнча бардык постторго кабар жөнөтүлгөндүктөн, бизге бат эле кармалды деген кабар келди", - деди Турдали Кожоналиев.

Бул учурда Турдали Кудуналиевга Жайыл РИИБинен телефон чалып, айтылган РИИБге келип калууну айтышкан.

"Мен тергөөчү аркылуу кызым менен сүйлөштүм. "Кызым эч жериң эч нерсе болгон жокпу десем, ата, мен жакшымын" деди. Андан соң мени РИИБдин кызматкерлери опер тобу менен Кара-Балтага жөнөтүштү. Алгач Кара-Балтанын ооруканасына келдик. Мага милициялар "ала качкан бала колго түшкөндө милицияларга кол көтөргөндүктөн, кичине уруп коюшуптур. Азыр ооруканадан аны ала кетели" дешти. Бирок ал жерде шектүү бала эмес, менин кызым үч жеринен бычак жеп, жандандыруу бөлүмүндө жаткан экен. Бычак менен жүрөккө, ичине жана кекиртегине сайыптыр. Көрсө, бул кабарды мага угуза албай жатышкан экен да", - деди маркумдун атасы.

"Кабарды уккандан кийин окуяны сураштырсам, жол кыймылынын кызматкерлери буларды кармап, тергөөчүлөрдүн колуна салып беришиптир. Анан алар кыз менен баланы суракка алышкан экен. Бычакты кызыма мен аны менен телефондо сүйлөшкөндөн кийин эле сайыптыр. Эмнеге тергөөчү шектүү кармалгандан кийин колуна кишенди салган эмес. Бул тергөөчүнүн күнөөсү. Мыйзам боюнча адамды кармап келген соң чөнтөгүн текшерип, курун, бут кийиминин боосун чечип алышы керек эле. Буга чейин да бул бала кызымды ала качып кеткен. Кызымдын макулдугу жок экендигин билгендиктен Суусамырдан кайра артка кайтаргам. Ошондо эле мен аларга эгер кызымдын көңүлү болгон болсо, мен макулмун деп айткам. Бирок кызым "ата, менин башка сүйлөшкөнүм бар, булар менин макулдугумсуз эле ала качып кетишти" деген эле", - деп кошумчалайт Турдали Кожоналиев.

Маркумдун аты-жөнү - Бурулай Турдали кызы. Ал быйыл 20 жашка чыккан. Жакында медициналык факультеттин акушер-гинекология бөлүмүн бүтүрмөк.

"Кызым өзү тандаган адамга август айында турмушка чыкмак. Мындан бир аз күн мурун сөйкө салып кетишкен. Мен бул окуяда баланын өзүнө бычак сайганына ишенген жокмун. Эми мен тийиштүү тараптардан акыйкат чечим күтөм. Ушундай окуянын болушуна жол берген милиция кызматкерлери да жоопкерчиликке тартылсын", - деди маркумдун атасы.

Буга чейин жигиттин чогуу иштеген кесиптештери анын ичимдик ичпеген, ишине так бала экенин билдиришкен. Анын абалы оор экенин Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери айткан.


кошулду





Жигит ала качып бараткан кызын милиция бөлүмүндө бычактап өлтүргөн

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
28.05.2018. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул милициялардын эле иши болуш керек,
28.05.2018. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Saadanbek, милиция олтурмок беле? Бул жердеги окуя милициялардын шалаакылыгынын айынан болгон
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-29 10:33:47
28.05.2018. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Чырактай кызынан ажыраптыр да. АЛЛАХЫМ өзү кечирсин күнөөлөрүн.
28.05.2018. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Байкуш кыз эми гана окуусун бүтүп мына иштейм,турмушка чыгам деп турган экен да.Ата апасына сабыр берсин.
28.05.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ошол милиционер кармалганда эле бычактарын алып койуш керек жана кыз экоону эки болок комнатка алып тергеш керек,,тергоочуго откоруп бергенден кийин дебей..
28.05.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой тобаа. жакындарына сабыр берсин.Аллахым.кантип ошол органда иштеген кызматкерлердин алдында уч жолу сайгыча карап турдубу
28.05.2018. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тиги уурдаган неме псих го! Сойко салынганын уккан чыгар да ошол учун ала качты. Ошончо суйсо чоголоп жалбарса да суйдурбойт беле озун. Жон эле бир больной эгоист да меники же эч кимдики деген.
28.05.2018. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Милиция кылмышкерди кармагандан кийин, жанында курал-жарак жокпу деп тинтийт да. Че то бул жерде бир нерсе бар. Куралы менен коё берип койгонуна караганда...
Байкуш кыздын жаткан жери жайлуу болсун, жапжаш экен...
28.05.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Милиция оозун ачып турган го
Тиги мыкаачыны кармаганда эле текшербейби
28.05.2018. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш жаткан жери жайлуу болсун! Тергоочу биринчиден курал- жарагын текшериш керек эле, анан 3 жолу бычак урганча эмне кылып журду? Шалаакылыгы учун жоопко алар да тартылыш керек
28.05.2018. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ииий ата энесине сабыр тилейли. Каап чатак иш болуптур наркы зоокурду камасын милицияны го камабайт андан чон суммадагы ацып салынса экен алардын да куноосу бар баланы текшербейби
28.05.2018. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милиция куноолуу.
28.05.2018. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милиция куноолу,жоопко тартыш к.к.
29.05.2018. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул иште тергоочунун чон куноосу бар. Эми аны кызматтан алып коюп кутулуп кетпей, жазага да тарткыла. Анын шалаакылыгы кылмышка жол ачып берип отурат. Шектуу жазалансын!!!
29.05.2018. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Бул жерде кыздагы атасы дагы намыска тийчү сөз айтканго балага ошон үчүн арка алдын ойлоп анан иш кылыш керек да милицияга чалаардан мурун же сөйкө салгандан кийин алып кетип кийин той кыла бермек
29.05.2018. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
29.05.2018. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
-Кыргыз менттер менен бандиттердин айрымасы эмнеде?

-Бандиттердин формасы жок.
29.05.2018. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Көңүлү жок болсо эмнеге ала качат.Лох жигитке го, башка кыздар куруп калгансып
SUPER.KG видео
30.05.2018. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз синдимдин классташы болчу. Аябай жакшы кыз эле. Жаткан жери жайлуу болсун. Кунолуулор жазасын алышсын эми.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: