super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 29-МАЙ: Бүгүн мурутчан агайдын образы менен таанылган актёр, алып баруучу Нурсултан Курсанали уулу 25 жашка толду

 

Бүгүн "Жарайт сити", "Эл эмне дейт?" долбоорлоруна тартылган актёр, сценарист, алып баруучу Нурсултан Курсанали уулу 25 жашка толду. Актёрду SUPER.KG порталы туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкты.

"25-майга караган түнү "Эл эмне дейттин?" балдары менен чогуу отурдук. Алар деле менин туулган күнүм экенин билбейт экен. Үйгө келерим менен апамды куттуктадым. Мени жарык дүйнөгө алып келип, ушул майрамды тартуулаган апам да. Бүгүн өзгөчө кече уюштуруп, майрамдабайм. Негедир туулган күнүмдү белгилегим келген жок. "Чоңойгон" сайын токтолуп калат экенсиң", - дейт ал.

Нурсултан Курсанали уулу 1993-жылы 29-майда Бишкек шаарында төрөлгөн. Борбордогу №12-мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз-герман техникалык факультетин аяктаган. Москва шаарындагы Улуттук технологиялык изилдөө университетинде автоматташтыруу боюнча магистрдик билим алган.

2015-жылы Нурсултан Курсанали уулу, Аким Карасаев, Элдияр Эшимбеков, Илгиз Куватбек, Мыктыбек Мукаев болуп Орусиянын "Comedy Баттл" долбооруна катышып, жарым финалына чейин жеткен. Андан кийин Асхат Табалдиев менен Данияр Болотбековдон жигиттерге "Большие люди" скетч-шоусунан кийин кызыктуу долбоор жарала элек. Балдар, келгиле, жаңы долбоор жасайлы, бирге иштешели" деген сунуш түшкөн. Жаңы долбоор "Жарайт сити" деп аталган.

"Таланттуу болгонум үчүн белгилүү болдум дегенге оозум барбайт, себеби долбоордогу бардык жигиттер таланттуу. Бул бир гана мурут үчүн деп баса белгилегим келет. Мага мурут жарашып, байкелердин ролун аткарганым үчүн белгилүү болуп калдым окшойт. Ошондуктан өмүрүмдө биринчи жолу мурутка рахмат айтам (күлүп). Атактуулукка жеткирип жатканынан өзүмдүн мурутумду өстүрүп көргөм, бирок эмнегедир суюк болуп жарашпай калат экен", - деген маектеринин биринде.

Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу. Нурсейит, Нурмухаммед деген инилери бар.

29-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
29.05.2018. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай Чотонова молодец, беш сага бар, бара гой, дегени эсте калган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: