Оштун борбордук базарында өрт чыкты




Ош шаарынын борбордук базарындагы соода контейнерлеринин биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт бүгүн, 29-майда эртең менен саат 08:00 чамасында чыккан.
"Оштун борбордук базарындагы соода контейнерлеринин биринен өрт чыгып, мындан улам жанындагы 3 контейнерге жалыны өтүп кеткен. Таң эрте жумушка келген сатуучулар түтөп жатканын көрүшкөн. Алардын көбү ачыла элек болгондуктан, соодагерлер түтөп жаткан контейнерди өчүрө алышкан эмес. Арадан 5-10 мүнөт өткөн соң түтөгөн контейнерлер өрттөнүп, жалын кулпуланып турган дагы 3 контейнерге өткөн", - деди маалымат катчы.
Тергөөнүн жана ӨКМнын ыкчам тобунун алгачкы аныктамасы боюнча, өрт туура эмес орнотулган электр зымдарынан чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Ал эми холодильник колдонгон дукондордо ток туну бою калганы менен бир айда бир текшеруудон отуп турушу керек.