super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 29-МАЙ: Бүгүн 33 жашка толгон ырчы Бактыгүл Бадыева: "Туулган күнүмдү досторумдун курчоосунда өткөрүү салтын бузган жокмун"

 

Бүгүн эстрада ырчысы Бактыгүл Бадыева 33 жашка толду. Ырчыны куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкты. "Достошконду жакшы көргөн, достукту баалаган адаммын. Жыл сайын туулган күнүм досторумдун курчоосунда өтөт. Бул сапар да салт бузулган жок", - дейт ал.

"Туулган күндү белгилөө кечээ, 28-май күнү эле башталган. Орусиядан досторубуз келип үйдө чоң майрам уюштурдук. Аларды узатып, эс алып жатсак түнкү саат 12ден кийин чыгармачылыктагы санаалаштарым келип, күтүүсүз белек жасашты. Бүгүн Казакстандан досторубуз келет. Кечинде жакындарымдын курчоосундагы кече болот".

Бактыгүл Бадыева 1985-жылы 29-майда Ошто төрөлүп, балалыгы Токмокто өткөн. Ал сахнага "Сүйүү тамгасы", "Кайдасың?", "Жүрөк тагы", "Энекем" аттуу ырлары менен чыгып, атактуулукка жетишкен.

Ырчы актриса катары дагы "Кайып булак", "До+Фа" аттуу тасмаларда роль жараткан.

2013-жылдын апрель айында жолдошу Алмаз Закировго турмушка чыккан. Түгөйлөр Ширин жана Эркеле аттуу кыздарды тарбиялап келет. Учурда 3-наристесин күтүүдө.

Чыгармачылыктан тышкары мода дүйнөсүнө сүңгүп кирип, орусиялык мода жана сулуулук боюнча эксперт, телеалпаруучу Эвелина Хромченконун курстарына катышып билим алууда.

29-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
29.05.2018. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакуля жагат да мага))
31.05.2018. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уул төрөп алын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: