Бишкекте жогорку окуу жайлардын биринин мугалими студенттен миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды
Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (КГУСТА) окутуучусу миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган мекемеге дипломдук ишин даярдоо жана аны ийгиликтүү жактоо үчүн 1 миң 500 доллар пара талап кылган К.А. аттуу кафедра башчысына карата чара көрүүнү суранып окуу жайдын студенти кайрылган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 21-майда окутуучу студенттен миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ага карата 221-берене (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 225-берене (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.
кошулду


Типа иштеп жатат.
Эртең көрсөнөр кафедра башчысы ректор болуп калат. Ушул убака чкйин уга элекмин бир мугалим 10жылга соттолду дегенин
Коррупция менен күрөшүп жатабыз деп калп эле элди алдап жатабы деген ой келди.
Эгер, чын болсо, канфискация кылып, каматып салса.
Коррупция жоюлат эле.