super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 30-МАЙ: 15 жашында кесипкөй музыкант деп табылган британиялык актёр Марк Шеппард 54 жашка толду

 

Бүгүн "Сверхъестественное" сериалындагы ролу менен таанымал болгон британиялык актёр жана музыкант Марк Шеппард (толук аты-жөнү Марк Андреас Шеппард) 54 жашка толду.

Ал 1964-жылы Лондондо төрөлгөн. Атасы Уильям Морган Шеппард актёр болгон. Чыгармачылыктагы чыйыр жолун алгач музыкант болуудан баштаган. Бир нече музыкалык долбоорлорго катышып, 15 жашында кесипкөй музыкант деп табылган. АКШга көчүп келгенден кийин анын музыкалык карьерасы солгундай түшөт.

Кино ааламына 1992-жылы кадам таштаган. Тагыраагы, "Жибек тармактары" ("Шелковые сети") тасмасында эпизоддук роль жаратып, 1 жылдан кийин "Атамдын аты менен" ("Во имя отца") деген фильмде башкы ролду аткарат. Бул тасма ага аз да болсо ийгилик алып келип, көп узабай эле "Жашыруун материалдар" ("Секретные материалы"), "Жылдыздуу жол: Саякатчы" ("Звёздный путь: Вояджер"), "24 саат" ("24 часа"), "Адаттан тыш" ("Сверхъестественное") сериалдарында, "Трансформерлер" ("Трансформеры"), "Престиж" жана башка тасмаларда башкы каармандын образын жараткан.

Актёрдук карьерасынан сырткары 1997-жылы режиссёрдун ассистенти болуп иштеген. Ал эми 2001-жылы "101-бөлмө" ("Комната 101") фильминде режиссёр, сценарист жана продюсер катары эмгек жасаган. 2012-жылы "Сырдуу аралдагы окуя" ("Приключение на таинственном острове") тасмасына режиссёрлук кылуу менен бирге башкы каарман капитан Немонун образын жараткан.

Актёр 2004-жылы Жессика Марк аттуу айым менен баш кошуп, Максимилиан Шеппард жана Уильям Шеппард деген уулдуу болушкан. Түгөйлөр 2014-жылы эки ажырым жолго түшкөн.

Көп узабай эле Марк Шеппард Сара Фуж менен сүйүү мамилесин куруп, 2015-жылы баш кошушат. Жан шериктер 1 жылдан кийин Изабелла Роуз аттуу кыздуу болушат.

30-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.05.2018. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кроули образы аябай сонун эле. Тилеке каршы 13 сезондон жок болуп калганы окундурду...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: