super.kg logo

Ысык-Көлдө “Мейкин Азия” аталышындагы эл аралык сынак өтөт

 
Калыстар тобунун төрагасы Ырыскелди Осмонкулов катышуучуларга каалоо сөзүн айтууда
Сынакка катышууга тандоого келген "Музаман" тобу
Сынактын катышуучулары
Алтынай Жусупова өз өнөрүн тартуулады
Сынактын тандоо туруна келген Арген Бакирдин уулу
Калыстар тобу
Толкунданып отурган катышуучулар

18-21-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий комплексинде “Мейкин Азия” аталышындагы эл аралык сынак өтөт. Сынакка 14төн ашуун мамлекеттен катышуучулар келишип, өз тилинде бир ыр жана дүйнө жүзүндө хитке айланган ырдан бирди аткаруусу керек. Фестивалга катышуу үчүн бүгүн, 24-июнда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда тандоо туру болууда. Андагы калыстардын сынынан 50дөн ашык таланттуу аткаруучулар өтүүдө. Калыстар тобунун төрагасы Ырыскелди Осмонкуловдун айтымында, бул сынакка башка сынактардын жеңүүчүлөрү дагы катыша алат. Ал эми уюштуруучулардын бири ырчы Өмүрбек Андарбеков бул жаңы долбоорду Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштуруп жаткандыгын билдирди. “Биз сынакты өткөрүп жаткан мамлекет катары Кыргызстандан 5 ырчы тандайлы деп жатабыз. Сынактын башкы максаты - Кыргызстанды дүйнө жүзүнө жакшы жагынан дагы таанытуу. Сынактын байге фонду 10 миң доллар болуп жатат. Бирок ал башталганга чейин дагы демөөрчү таап, биринчи орунга 10 миң доллар берүүнү көздөп жатабыз”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: