super.kg logo

Кочкордо болгон жол кырсыгынан 3 адам каза таап, 6 адам жаракат алды

 

Нарын облусунун Кочкор районунда эки унаа кагыша кетип, анын кесепетинен 3 адам каза таап, 6 адам жаракат алды. Жол кырсыгы 30-май күнү саат 20:40 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 250-чакырымында катталганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, анда Ауди 100 үлгүсүндөгү жана Хонда Фит үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Кырсык болгон жерде 3 адам (2 эркек, 1 аял) каза болуп, 6 адам оор жаракат алган. Учурда жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.

ӨКМнын Кочкор райондук №42-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 6 куткаруучу, ИИМдин жана медицина кызматкерлери кырсык болгон жерге барып, куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып беришкен. Жаракат алган адамдар Нарын шаарына бара жаткан унаалар менен облустук ооруканага жеткирилген. Каза болгон адамдар Кочкор райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
31.05.2018. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ыймандараы саламат, жаткан жерлери жайлуу болсун! жакындарына сабыр берсин.
31.05.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
фит деле бышык машина болот окшойт аудини чачырата сузуптур. маркумдардын бейиши болсун.
31.05.2018. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bond02,болгон окуя тартылган эмес, суроттун ылдый жагында иллюстрация деп турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: