"Бишкектеги 3,3 гектар жер Кытайдын элчилигине 2003-жылы эле 49 жылга ижарага берилген" дейт Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
Бүгүн 31-майда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев Кытайга берилчү 3 гектар жер боюнча түшүндүрмө берди.
"Өткөн жума күнү "Кыргыздипсервистен" бизге кат келип түшкөн. Катта өкмөттүн буйрук долбоорун тез арада кароо керектиги жазылган. Негизи ал маселе жыйындын күн тартибине ылайык каралмак. Бирок тездетүү керек экендиги дагы айтылгандыктан кечээки жыйында кароого коюлуп, туура эмес түшүнүүлөр орун алып кетти.
Негизи айтылып жаткан 3,3 гектар жер Кытайдын элчилигине 2003-жылы эле 49 жылга ижарага берилген. Мен дагы бир баса белгилеп кетким келет, бул жерде болгону өкмөттүн буйругунун долбоору тууралуу сөз болуп жатат", - деди Кененбаев.
Эске салсак, кечээ, 30-майда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары "Кытай элчилигине Бишкек шаарынан 3 гектардан ашык жер тилкесин берип, ордуна Пекинден 25 сотых жер алуу боюнча" делген келишимди карап, колдогон эмес эле.
Бишкек шаардык кеңеши Кытай менен жер алмашуу долбоорун колдоду

Ал жерди Атамбаев бериптир деп отуруп, эми болсо Бакиевди аттап Акаевге жеттинерби эми?!!
Эч болбосо Орозодо калп айтпай турсанар болмок... Бишкек мэриясы эн коррупциялык мекемелердин бири, 9000 сомдун кочоттор болгону бир чекеси...
Эми туштон кийин каратып туруп калп айтып жаткандарын кара...