super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-ИЮНЬ: 15 жашында моделдик агенттиктер менен келишим түзгөн "Аалам периси", венесуэлалык модель Дайана Мендоса 32 жашка толду

 

Бүгүн "Венесуэла сулуусу-2007", "Аалам периси-2008" наамдарынын жеңүүчүсү венесуэлалык модель Дайана Мендоса 32 жашка толду. Толук аты-жөнү - Дайана Сабрина Мендоса Монкада.

Ал 1986-жылы 1-июнда Венесуэланын Каракас шаарында төрөлгөн. Кичине кезинде эле моделдерге тиешелүү мүнөзү менен айырмаланып, ар кандай сынактарга катыша баштайт. Дайана 15 жашында "Elite Model Management" моделдик агенттиги менен келишим түзүп, Греция, Испания, Германия, Мексика, Франция, Англия жана Италиянын подиумдарына чыга баштайт.

2007-жылы "Венесуэла сулуусу-2007" наамын алгандан кийин Вьетнамда өтө турган "Аалам перисине" катышууга камдана баштайт. 2008-жылы модель "Аалам перисинин" таажысын тагынып, атагы чыгат.

Ал эми модель катары 6 жыл Нью-Йорк, Барселона, Мадрид, Майами, Афины, Милан, Париж, Мюнхен жана Лондон шаарларында иштеп келген. Учурда Нью-Йорк шаарында жашайт.

1-июндун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: