super.kg logo

КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Айылдык жигит менен шаардык кыздын сүйүү баянын чагылдырган "Боорду эзген Боронбай" тасмасы SUPER.KG порталында

 

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө режиссёр Нишанбай Топчубаевдин "Боорду эзген Боронбай" кинокомедиясы жүктөлдү.

Тасмада Арген Карыгулов, Марат Жанталиев, Эгемберди Чалабаев, Тилек Жумагазиев, Нуржан Ниязова, Сайракан Мырзалиева, режиссёр Ырыс Жоомартова роль жараткан.

Тасманын автору Нишанбай Топчубаев тасма тартууга 8 күн убакыт сарпталганын айтты. Ал эми тасма тартууга жалпысынан канча каражат кеткени жашыруун экенин билдирди.

Тасма айылдык жигит Боронбайдын окуясын баяндайт. Ал техникага жакын болгондуктан бузулган унааларды, техникалык буюмдарды оңдочу. Боронбай дагы катардагы жаштардай эле айылдан шаарды көздөй бет алат. Бишкекке келгенден кийин адамдардын пейили бузулганын, тилдин бурмаланганын көрүп кейийт. Атайын акча табуу үчүн келгенден кийин иштейин деп колунан келген жумуштарды аткарат. Ушундай күндөрдүн биринде узун бойлуу кызга жолугуп калат. Экөө таанышып, мамиле курат. Ортодо көп кызыктар болот. Бир күнү кыздын атасы ооруп калып ага көп суммадагы каражат керек болуп калат. Боронбой ошол суммадагы акчаны таап берет. Окуя андан ары курчуп, Боронбой өз бактысын табат.

"Боорду эзген Боронбай" комедиясын көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.05.2018. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
8 күндө тартылса, начар эле кино окшойт.
31.05.2018. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
8 кун дес мениндагы коргум келбей калды . Голивуд бир кино тартыш учун 2 - 3 жыл кетирет . 8 кундо , кино эмес интермедия тартса болот .
31.05.2018. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корбой туруп баа беруу туура эмес да биринчи коройлу анан жазайлы балким чын эле жакшы жок дегенде эмгегини баалайлы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: