super.kg logo

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын, өмүр баянын чагылдырууга байге фонду 800 миң сомду түзгөн сынак жарыяланды

 

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын, өмүр баянын чагылдырууга байге фонду 800 миң сомду түзгөн сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарланды.

Маалыматка ылайык, сынакта төрт номинация каралган, алар: "Мыкты эссе", "Мыкты поэзия", "Мыкты сюжет" жана "Мыкты макала".

"Мыкты эссе", "Мыкты поэзия" наамдары үчүн 14 жаштан 28 жашка чейинки каалоочулардын баары ат салыша алат. "Мыкты сюжет" жана "Мыкты макала" наамдарына массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Сынактын шарттары: катышуучу даярдаган материал мурдагылардан өзгөчөлөнүп туруусу керек. Мурда жарыяланган эле материалдарды кайра сунуштоо кабыл алынбайт.

Ар бир наамдын жеңүүчүлөрүнө 80 миң сомдон, 2-орунга ээ болгондор 50 миң сомдон, 3-орундарга 40 миң сомдон берилет. Мындан тышкары дагы 12 катышуучуга 10 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат.

Катышуучулардын даярдаган материалдары министрликте жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинде ушул жылдын 1-ноябрына чейин кабыл алынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: