Мас абалында жол кырсыгына кабылган милиция кызматкери кызматынан бошотулду

Маалыматка ылайык, 15-майда Медеров жана Карл Маркс көчөсүнөн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ага ыйгарымдуу өкүлү А.Абдымомуновдун катышуусунда катталган жол кырсыгы боюнча фактыга кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Медициналык күбөлөндүрмөнүн корутундусуна ылайык, милиция кызматкери мас абалында экендиги аныкталган. 21-майда А.Абдымомунов 238-берененин 3-бөлүмү боюнча унааны мас абалында башкаргандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган.
"Кыргыз Республикасынын ИИМинин буйруктарын жана нормативдик актыларынын талаптарын одоно бузуп, жоопкерчиликтен качуу үчүн анкеталык маалымдаманы туура эмес көрсөткөнү үчүн жана жасалма номур менен кызматтык автотранспорттук каражатты колдонуп, жол-транспорттук кырсыкка кабылып, ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирген. Ошондой эле жанындагы адамдарга сый мамиле жасабай, оройлук көрсөтүп, Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аброюна шек келтирүү менен коомдук кызуу талкуу жараткан", - деп айтылат маалыматта.
Ички иштер министринин буйругу менен милициянын капитаны А.Абдымомунов ички иштер органдарынан жумуштан бошотулгандыгы айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
rysik79

01.06.2018. 08:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын болсо Жакшы жанылык .
eddi.

01.06.2018. 10:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
238-берененин 3-бөлүмүндө айдоочулук күбөлүктү 3 жылга эркининен ажыратат жана 20-миң сом айып салынат
bayhan

01.06.2018. 10:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу да жаңылыкпы, азыр органда иштеген эле адам эмес баары ичип айдап калышты, кичинесинен чоңуна чейин анткени бизде мыйзамды акчага сатып алса болот. Мындай жаңылыктар суткасына док дегенде бештен факты катталат.
aksy94

01.06.2018. 10:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды жумуштан алган эн чон жаза эгер карапайып адам болгондо акча сунбаса камап салмак акмактар
ady-88

01.06.2018. 10:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра башка болумго ишке кирип алат, карга карганын козун чукубайт
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.