super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-ИЮНЬ: Окуучу кезинде "негр" атка конгон америкалык актёр Уэнуорт Эрл Миллер 46 жашка толду

 

Бүгүн “Абактан качуу” сериалынын жылдызы, америкалык актёр Уэнтуорт Эрл Миллер 46 жашка толду.

Ал Англиянын Чиппинг-Нортон шаарында 1972-жылы 2-июнда төрөлгөн. Уэнтуорт Миллер жарык дүйнөгө келгенде анын атасы Оксфорддо жогорку билим алып жаткан. Кийин анын үй-бүлөсү Нью-Йорктогу Парк-Слоуп районуна көчүп келген. Мектепте окуп жүргөндө коомдо расалык теңсиздик бар болчу. Мындан улам аны классташ кызы "негр" деп мазактаган. Анткени атасы афроамерикалык болгон.

Колледжде окуп жүргөн кезинде музыкага жакын адам болгон жана ырчылардын кээ бирлери менен гастролго чыгып, акча таап турган. Кийинчерээк жүрөгү тандаган актёрдук кесиптин ээси болууну көздөп, Лос-Анжелеске бет алат. Ал жакта жөн гана операторлордун жардамчысы катары ишке орношкон.

Актёрдук карьерасын 2002-жылы “Динотопия” деген сериалдан баштаган. Эл оозуна алынып, дарегине жагымдуу сөздөр айтыла баштагандан кийин эле “Караланган кадыр-барк” фильмине тартылууга чакыруу алат. Ал эми “Абактан качуу” сериалына тартылуу атак-даңк алып келет деп күтпөгөнү менен Уэнтуорт дал ушул кино аркылуу чыныгы популярдуулукка жеткен. “Абактан качуу” сериалына тартылуудагы өзүнө жакпаганы денесине тарттырган татуировкалары болгон.

2009-жылы "Гриффиндер" мультфильминде үн коштогон. Муну менен катар эле "Мыйзам жана тартип: Атайын корпус" тасмасына тартылган. Андан кийин "Хаус дарыгер" фильминде роль жаратат.

Актёрдук кесиптен тышкары сценарист катары да таанылган. Тагыраагы, Уэнтуорт Миллер Тэд Фолк деген каймана ат менен "Стокер" деген сценарий жазып, анын негизинде тасма тарткан.

2-июнга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
02.06.2018. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уй булоолук абалычы?
02.06.2018. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
aminali,жанылышпасам бул - когуштордон болуш керек.
02.06.2018. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur_Iman,Кой антип көңүлдү калтырба. Бул актер үчүн мен Побег сериалын уктабай таң атырып көргөм. Аябай жагат
02.06.2018. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mavlyuda,мен да канчалган тандарды ушул сериал менен аттыргам, бирок ориентациясын уккандан кийин тан калгам.
02.06.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur_Iman,оба Россияга кинофестивалга чакырышканда мендей когушторго чек койгон олкого барбайм деп баш тартып койгон.
02.06.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aminali, гей бул актёр, бирок аябай жагат.
04.06.2018. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул гей.Бирок рольдору мыкты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: