super.kg logo
  Саясат  

Саясатчы Темирбек Асанбеков: "Улуттук программаны иштеп чыгууга даярбыз"

 

Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка расмий киришкенине жарым жылдан ашты. "Вазир жакшы - хан жакшы" демекчи, өлкө башчынын жанында кесипкөй адистер болсо, мактоого татыктуу жылыштар көпкө күттүрбөйт.

SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун командасына кошулуп иштейт белеңиз? Кайсы жагынан жардам бермексиз?" деген соболуна "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков төмөнкүдөй жооп берди.

"Президенттин алдында турган маселелер бир эле сөз менен чечилип калбайт. Биринчиден, кол коюлган эл аралык келишимдерди кайра карап чыгыш керек. Экинчиден, акча каражат саясаты түп тамыры менен каралып чыкпаса, бул маселе чечилбесе, эч качан экономиканын жолун ача албайбыз. Тышкы карыздарды жабуу, кадр маселесин чечүү, мамлекеттик иштерди алып баруу эрежесин бекитүү деген маселелер турат. Андан кийин гана Орто Азияда турган мамлекет катары, өзүбүздүн табигый шартыбызга жараша экономикалык багыттардын бардыгын илимий жол менен аныкташыбыз керек.

Бүгүнкү күнү мамлекетте стратегиялык экономикалык улуттук өнүгүү программасы иштелбей турат. Ушул маселе боюнча президенттин өзү менен кеңешип, ал саясий эрк көрсөтүп бере алса, биз программаны иштеп чыгууга болгон салымыбызды кошуп берет элек", - деди Асанбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, экс-депутат Улукбек Кочкоров, ишкер Эмил Үмөталиев, саясатчы Адахан Мадумаровдун пикирлери бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: