super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Улукбек Кочкоров: "Экономикалык коопсуздук тармагын тартып кете алам"

 

Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка расмий киришкенине жарым жылдан ашты. "Вазир жакшы - хан жакшы" демекчи, өлкө башчынын жанында кесипкөй адистер болсо, мактоого татыктуу жылыштар көпкө күттүрбөйт.

SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун командасына кошулуп иштейт белеңиз? Кайсы жагынан жардам бермексиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Улукбек Кочкоров төмөнкүдөй жооп берди.

"Мен мамлекет үчүн тармагыма туура келген кызматта иштөөгө даярмын" деп буга чейин да айтып келгем. Мага өз алдынчалыкты берип, бир тармакты тапшырса, ашыкча саясий тапшырма, кысымдар болбосо, ар дайым иштөөгө даярмын. Бизге мүмкүнчүлүк бербейт. Мамлекеттик кызматтын жаман жагы - жогорудан таңуулоо күчтүү. Мага ишенип, толук тапшырып берсе, албетте, иштегенге болот. Бир органды берип, бирок ал жакка өз адамын коюп алып, "ага тийбе, иштейт" деп аралаша бергени жаман.

Буга чейин да 3-4 министрликте иштегем. Өзүм билген, тартып кете алышыма көзүм жеткен тармакты жетектегенге, иштегенге даярмын. Албетте, багытыма туура келбеген айыл чарба сыяктуу багыттарда иштей албайм. "Кызмат болсо болду" дегенден алысмын. "Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун" деп коёт го. Коопсуздук маселесин, айрыкча экономикалык коопсуздук тармагын тартып кете алам", - деди Кочкоров.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, ишкер Эмил Үмөталиев, саясатчылар Темирбек Асанбеков, Адахан Мадумаровдун пикирлери бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: