super.kg logo
  Саясат  

Депутат Жанар Акаев: "Туруктуу өкмөттө иштегенге даярмын"

 

Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка расмий киришкенине жарым жылдан ашты. "Вазир жакшы - хан жакшы" демекчи, өлкө башчынын жанында кесипкөй адистер болсо, мактоого татыктуу жылыштар көпкө күттүрбөйт.

SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун командасына кошулуп иштейт белеңиз? Кайсы жагынан жардам бермексиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев төмөнкүдөй жооп берди.

"Эгер өкмөт туруктуу болсо, анда иштегенге даярмын. Министр болуш үчүн тажрыйба керек. Азырынча убакыт бар. Азыр эл өкүлү катары көбүрөөк пайдам тиет деген ойдомун. Эгер парламенттин келерки чакырылышына келсем, өкмөттүн аппаратында же башка кызматтарга барайын деген оюм бар. Каржы министри же экономика министри боло албайм. Социалдык тармактан болушу мүмкүн. Аны көрөбүз. Бирок бул боюнча такыр ойлонгон жокмун", - деди Акаев.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Улукбек Кочкоров, ишкер Эмил Үмөталиев, саясатчылар Темирбек Асанбеков, Адахан Мадумаровдун пикирлери бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: