super.kg logo
  Саясат  

Ишкер Эмил Үмөталиев: "Орчундуу иштерди жасаш үчүн туруктуу, күчтүү топ керек. Андай топ барбы билбейм"

 

Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка расмий киришкенине жарым жылдан ашты. "Вазир жакшы - хан жакшы" демекчи, өлкө башчынын жанында кесипкөй адистер болсо, мактоого татыктуу жылыштар көпкө күттүрбөйт.

SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун командасына кошулуп иштейт белеңиз? Кайсы жагынан жардам бермексиз?" деген соболуна ишкер Эмил Үмөталиев төмөнкүдөй жооп берди.

“Бул өтө оор, маанилүү суроо. Мен тактыга, бийликке кызыкпайм. Менин пикириме, келечек жөнүндөгү ойлорума, көз карашыма туура келсе балким иштейм. Бирок ага көзүм жетпейт. Саясатка умтулган эмесмин. Статуска кызыкпайм. Убакыт келип, келечек үчүн иштөөгө, өлкөнү коргоого, өстүрүүгө туура келсе баарыбыз тең кошулабыз. Мезгил талап кылган болсо баарыбыз иштейбиз. Тактыны, бийликти жакшы көргөндөр болот экен. Майлуу-сүттүү кызматка кызыккандардан эместигимди убакыт көрсөттү. Оорчундуу иштерди жасаш үчүн туруктуу, күчтүү топ керек. Андай топ барбы, билбейм”, - деди Үмөталиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, экс-депутат Улукбек Кочкоров, саясатчы Темирбек Асанбеков жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун пикирлери бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: