super.kg logo
  Саясат  

Депутат Акылбек Жамангулов: "Бурулайдын өлүмү мамлекеттин аброюна шек келтире турган окуя болду"

 

20 жаштагы Бурулайдын милиция бөлүмүндө аны ала качып бара жаткан киши тарабынан өлтүрүлгөнү коомдо чоң чуу жаратып, милициянын шалаакылыгына нааразы болгондор көбөйгөн. Бийлик кеч болсо да көңүл буруп, кыздын өлүмүнө жол берген милиционерлер иштен айдалган. Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "Кызматтан алуу менен маселе чечилеби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов өз оюн билдирди.

Жамангулов милиция бөлүмүндө 20 жаштагы кыздын өлүмүнө жол берген кызматкерлерди кызматтан кетирип гана тим болбой, жазага тартыш керек деген пикирде.

“Бул мамлекеттин аброюна шек келтире турган окуя болду. Мамлекет, өкмөт башчылары бул маселени талкуулап, тийиштүү тапшырмалар берилди, бул туура чечим болду. Милициянын шалаакылыгынын айынан бир эмес, эки адам зыян тартты, арыз түшүп, ыкчам иликтөө башталгандан кийин экөөнү бир жерге камабаш керек болчу. Бул иш боюнча тийиштүү адамдар кызматтан кетип эле тим болбой, жазасын алыш керек”, - деди Жамангулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Экмат Байпакбаев, журналист Нарын Айып, эксперт Мирсулжан Намазаалы жана блогер Нурсултан Акылбектин пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: