super.kg logo

Астротөлгө: 6-июнь күнү төрөлгөндөрдү ийгилик коштоп жүрөбү?

 

6-июнда келбеттүү, тамашакөй, шайыр, жана ийгиликтүү адамдар төрөлөт. Алар достук мамилени бийик тутуп, сырга бекем болушат. Жашоосунда жалаң гана жакшылыктар, кубанычтар орун алат. Бир ишти баштап кетүүдөн коркпойт. Анткени алардын тажрыйбасы жана акылы бардык кырдаалдан чыгып кетүүгө жетиштүү.

Алар мыкты уюштуруучу, башкаруучу боло алат. Ушул күнү жарыкка келген эгиздер менен чогуу иш жасоо ийгиликтерге жеткирет. Кимдир-бирөөлөр менен жаман-жакшы айтышканды такыр жактырбайт.

Бүгүн жарыкка келген эгиздер имиджин маанилүү деп эсептейт. Андыктан дайыма имиджин өзгөртүүнүн, жакшыртуунун үстүндө иштейт. Көктүгү менен кол жеткис максаттарына жетет. Кандай гана кыйынчылыктарга туш болбосун үн катпаганы, эч кимге арманын айтпаганы менен айырмаланып турат.

Ички туюмуна көбүрөөк ишенип, алдын ала сезе билүү жөндөмүнө таянып чыгарган чечимдери ийгиликке алып келет деп ойлойт. Бирок бул өзгөчө касиетине таянып иш жасоо кийин бармагын тиштеп калууга алып келет. Андыктан акылына дагы жол бериши керек. Чыгармачылык чөйрөдө атактуулукка жетип, эл сүймөнчүгү боло алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: