super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 6-ИЮНЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев 62 жашка чыкты

 

Мындан 62 жыл мурун, 1956-жылдын 6-июнунда Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылында жарык дүйнөгө келген.

Жогорку билимдүү.

1978-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун окутуучу адистиги боюнча бүтүргөн. Ал эми 2001-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетин сырттан окуп бүтүрүп, экинчи кесипке - менеджер адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

1973-жылы - Нарын шаарындагы темир-бетон чыгаруучу заводдо жумушчу;

1978-1979-жылдары - "Колхозчу" ыктыярдуу спорт коомунун борбордук кеңешинде машыктыруучу;

1978-1981-жылдары - В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда дене тарбия кафедрасынын мугалими;

1981-1991-жылдары - К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунда окутуучу, ага окутуучу, дене тарбия кафедрасынын башчысы, 10 жылдан ашуун Кыргыз мамлекетинин волейбол федерациясынын жетекчиси;

2005-2007-жылдары - Жогорку Кеңештин депутаты;

2016-жылдын 4-октябрында "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2017-жылы 25-октябрда Камчыбек Жолдошбаев парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын катарынан "фракциянын талаптарын аткарбаганы үчүн" чыгарылган. Учурда ал эркин депутат.

Сыйлыктары, наамдары:

2003-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган. Ошондой эле "Манас-1000", "Ош-3000", "Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы" эстелик медалдарынын ээси;

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар;

Волейбол боюнча спорт чебери;

- Республикалык волейбол федерациясынын ардактуу президенти;

- Ат оюндар федерациясынын вице-президенти;

- Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын жана Бишкек гуманитардык университетинин ардактуу профессору;

- Эл аралык чыгармачылык академиясынын академиги;

- "Белбоо күрөшү" федерациясынын вице-президенти (2011-жылы);

- Белбоо күрөшү боюнча эл аралык федерациясынын вице-президенти (2015-жылы).

6-июнга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: