super.kg logo

Адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча айыпталган прокурордун жардамчысы толук акталды

 

Токмокто адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча прокурордун жардамчысы толук акталып чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токмок шаардык соту 31-майда айыпталуучу Данияр Сейталиевдин кылмыш иши боюнча өкүмүн чыгарган. Өкүмдө айыпталуучу толук акталган.

Данияр Сейталиевге буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 121-беренеси (кишини коркунуч абалында калтыруу) боюнча айып тагылган.

Эске салсак, 2017-жылдын 17-июлдан 18-июлга караган түнү саат 00:20лар чамасында Токмок шаарына жакын жерде жол кырсыгы болгон. Анда Хонда Стрим жана Тойота Корона үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, биринчи унаанын айдоочусу (аял киши) ооруканада каза болгон. Ал эми экинчи унааны Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокурорунун жардамчысы Данияр Сейталиев башкарып бара жаткан. Айрым маалымат каражаттары Сейталиевдин мас абалда болгонун жана анын унаасында токтотулган 25 кылмыш иши табылганын жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
06.06.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Молодцы,ал акталбаса анан ким акталат
06.06.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туптуура бизде соттор абдан адилеттүү иштеп атат.Ал күнөөлү эмес эле жөн эле турган аял күнөөлү да.Мас эмес эле соо деп чыгарып берет да.Аман болгула соттор.
06.06.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эми ушуда айла жок сотторго. Кунун тушкус кылсын аларга Кудай.
06.06.2018. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карга карганын козун чукубайт.
06.06.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куттуктайм молодцы бизде закон карапайым калка эле бар,эгер бее бичара тоок урдап тушсо беш жылга кесилсе керек эле.
06.06.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Актаган акмакка иш козгош керек
06.06.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул окум чыгарган сотту прукурор экоону ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-07 11:12:58
07.06.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kychtyy, порталдын эрежелерин сактаңыз!
06.06.2018. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХХХХХХ башка сөз жок, кудай берсин жазаңарды
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-07 11:17:00
06.06.2018. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХХХХХХХ ХХХХХХХХХХХ соттор.Жапаровду канча кундон бери карап жатасынар кайра кайра жылдырып.Бир кароо менен актадынар бул соттун жардамчысын.Силерге соз деле таасир бербей калыптыр ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-07 11:11:14
07.06.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mamiev, этика нормаларын сактаңыз! 3 күн БАНга!
07.06.2018. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качанкыга чейин карапайым эл ушундай корунушторго чыдашыбыз керек??Алсыз аялдарга кыйын болгон жигиттерибиз уюм ачалы.Несправедливый сотторубуздун коздорун ачпайлыбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: