super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев: "КСДП көрүстөндөн баштап кендерге чейин ээлеп алган"

 

Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев коррупцияга күнөөлөнүп, УКМК тарабынан камакка алынды. Камалгандардын баары КСДП партиясынын мүчөлөрү экени белгилүү. Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "Бийлик коррупционерлер менен күрөшүп жатабы же КСДПчылар мененби?" деген соболуна экс-депутат Каныбек Осмоналиев өз пикирин билдирди.

Экс-депутаттын ою боюнча, бардык тармактарды КСДП ээлеп алган, ошол себептен коррупцияга тиешеси барлардын көбү ошол партиядан болууда.

"Биринчиден, жаңы өлкө башчы чыныгы президенттикти көрсөтүп жатат, буга ыраазы болушубуз керек. Экинчиден, массалык түрдөгү коррупциялык иштер акыркы 5-6 жыл аралыгында болгон, ошол иштерге аралашкандарды кызматына, статусуна карабай абакка киргизип жаткандыгы эл арасында чоң үмүттү пайда кылды.

Менин жеке пикиримде, "КСДПга каршы же тандап иш козгоо башталды" дегенге кошулбайт элем. Убакыт керек, баарын убакыт көрсөтөт. УКМКнын кызматкерлери так жана ыкчам иштеп, баарын жоопко тартат деп ишенем. Кармалгандардын баары КСДПдан болуп жатканы да мыйзам ченемдүү көрүнүш, себеби КСДП көрүстөндөн баштап кендерге чейин ээлеп алган, ошон үчүн бардык жерден ошолордун кулагы чыгып жатат", - деди Осмоналиев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Дастан Бекешев, саясат таануучу Марс Сариев жана Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: