super.kg logo
  Саясат  

Мурдагы судья Клара Сооронкулова: "Атамбаев да "коррупция менен күрөшөм" деп саясий айдыңдан атаандаштарын тазалаган"

 

Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев коррупцияга күнөөлөнүп, УКМК тарабынан камакка алынды. Камалгандардын баары КСДП партиясынын мүчөлөрү экени белгилүү. Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "Бийлик коррупционерлер менен күрөшүп жатабы же КСДПчылар мененби?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын жообу төмөнкүдөй.

Сооронкулова бийлик алмашканда башчылар өзүнүн каршылаштарын тазалай тургандыгын, азыркы кырдаал дагы ошого окшош экенин айтты.

“Так кесе айтып юридикалык баа берүү азыр кыйыныраак. Бирок жалпы карап көргөндө Алмазбек Атамбаев дагы жаңы бийликке келгенде коррупцияга каршы күрөш деп бир топ өзүнө жакпаган, оппозицияда турган саясатчыларга чара көрбөдүбү. Ошол иштер канчалык мыйзамдуу, адилеттүү болгону коомдо бүгүнкү күнгө чейин талкууланып келе жатат.

Мисалы, Нариман Түлеевдин ишин айтсак болот, анын ишинде бир топ мыйзам бузуулар болду. Ошол себептен мурункудай эле окшош саясат болуп жатабы деген ой кетет. Анткени Атамбаев коррупция менен күрөш деп атаандаштарын саясий айдыңдан тазалаганы менен коррупция азайып, эч кандай майнап чыккан жок да, эл аралык уюмдардын изилдөөсүн карап көрсөк, тескерисинче, коррупция күчөп кеткен.

Бул иште жалаң эле КСДП мүчөлөрүнө каршы күрөш эмес, улам жаңы-жаңы фигуралар чыга баштады. Насыя берүү бул Кытайдын Борбор Азиядагы алсыз өлкөлөргө кылган атайын саясаты экенин ММКлар жазып чыгышпадыбы. Мисал катары, Тажикстан менен биздин өлкөнү көрсөтүшкөн. Тажикстан бизден мурда эле насыяларды алып башташкан, бүгүн мына эсептеше албай, кендерин, жерин берип жатат. Бизди дагы ошондой нерсе күтүп жатат, алар биз насыяны төлөп бере албасыбызды билет, бирок келишим күчүнө кирген, мыйзамдаштырылган, биз эми ал мыйзамды аткарышыбыз керек, төлөп беришибиз керек", - деди Сооронкулова.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Дастан Бекешев, экс-депутат Каныбек Осмоналиев жана саясат таануучу Марс Сариевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: